АЙКАЛЫШТЫРЫЛГАН ЭЛЕКТР ӨЛЧӨГҮЧ ПРИБОР

АЙКАЛЫШТЫРЫЛГАН ЭЛЕКТР ӨЛЧӨГҮЧ ПРИБОР — электр тизмектеринин негизги параметрлерин өлчөй турган бир нече прибордун ордуна колдонулуучу ж-а алып жүрүүгө ылайыктуу чакан өлчөгүч прибор. А. э. ө. п-го ампервольтомметр, ампервольтваттметр кирет ж-а алардын жардамы м-н электр тизмегиндеги ток, чыңалуу, каршылык, сыйымдуулук өлчөнөт. Мындай приборлордун негизги артыкчылыгы: алардын жардамы м-н туруктуу токтун да, жыштыгы кеңири диапазондо өзгөрүлүүчү өзгөрүлмө токтун да тизмектеринин параметрлерин өлчөөгө мүмкүн. Сүрөттө көрсөтүлгөн ампервольтомметр м-н турактуу ж-а өзгөрүлмө токтун 600 в ко чейинки чыңалуусун, турактуу токтун 1 а ге чейинки күчү ж-а 3 Мом го чейинки каршылыгы өлчөнөт. Азыр тех. мүнөздөмөлөрү (өлчөөлөрдүн диапазондору, өлчөө чектеринин саны, тактык классы, кириш каршылыгы ж. б.) жогору ж-а бири биринен айырмалуу көп сандаган айкалыштырылган приборлор (М 4351, Ф 432/1, Ц 4311-MJ, 4325 ж. б.) чыгарылып жатат.