АЙДИТ Дипа Нусантара

АЙДИТ Дипа Нусантара [30. 7. 1923- 22 (?) 11. 1965]-Индонезиянын жумушчу ж-а коммунисттик кыймылынын ишмери. Суматра а-да плантацияда иштөөчү жумушчунун үй-бүлөсүндө туулган. Коммерсиялык мектепти бүтүргөн. Саясий ишмердигин прогрессчил жаштар уюмдарында ж-а профсоюздарда иштөөдөн баштаган. 1943-ж-дан — Индонезиянын Компартиясынын (ИКП) мүчөсү. Өз элинин көз каранды эместиги үчүн күрөшкө активдүү катышкандыгы үчүн 1945-ж. чет элдик аскер бийликтери камакка алган. Индонезия көз каранды эмес мамлекет болуп жарыяланганда (1945), прогрессчил жаштар уюмдарынын бирөөнүн жетекчилеринен болгон. 1947-ж. ИКП БКнын, 1948-ж. анын Саясий Бюросунун мүчөсү болуп шайланган. 1951-59-ж-да ИКП БКнын секретары, ген. секретары, 1959-ж-дыи сентябрынан кийин ИКП БКнын председатели. А. Индонезиянын мамл. жогорку органдарында да жооптуу кызматтарда иштеген. А. 1965-ж. ноябрда «30-сентябрдагы окуяларга» байланыштуу реакция тарабынан ИКПге каршы таңууланган террордун курмайы болду.