АЙДАРАЛИЕВ Акматбек

0700949180
номурга
50 бирдик.

Гезит, Китептерди тоолугу менен окуйм десен

Орусия, Казакстандагылар үчүн
QIWI-кошелек биерде

Квитанцияны жана атыңы
Ватсапка жаз

АЙДАРАЛИЕВ Акматбек [30. 7 (12. ?8). 1916-ж. т., Кант р-ну, Ак-Дөбө кыш.] — советтик коомдук гигиенист, медицина илиминин доктору (1960), профессор (1960), Кырг. ССРинин эмг. сиң. врачы (1948). 1939-ж-дан КПССтин мүчөсү. Ташкен мед. интун бүтүргөн (1939), ошол эле жылы Нарын обл. саламаттык сактоо, бөлүмүнүн башчысы. Ленинград аскер округунда кенже врач (1940), кийин санитардык кызматтын начальниги. Пржевальскидеги шаардык поликлиниканын башчысы (1941-43), КММИнин алдындагы көздү текшерүү клиникасында ординатор (1943), ассис-, тент (1944), Кырг. ССР саламаттык сактоо министринин кадрлар б-ча орун басары (1947-50). КММИнин директору (1952-55), Кырг. ССР саламаттык сактоо министри (1960- 63). 1963-жылдан бери КММИнин саламаттык сактоо ж-а социалдык гигиена кафедрасынын башчысы. А-дин ил. из. иштери негизинен көз ооруларын ж-а Кыргызстандагы саламаттык сактоонун тарыхын, санитария маселелерин изилдөөгө арналган. 1963-ж-дан бери ошол эле институттун саламаттык сактоо кафедрасынын башчысы. А. илимдин 1 докторун, 20 кандидатын даярдаган. 80 ден ашуун илимий эмгектин автору. Кырг. ССРинин ил. эмг. сиң. ишмери (1974). Ал Эмгек Кызыл Туу, «Ардак Белгиси» ордендери ж-а медалдар м-н сыйланган.

Чыг.: Трахома, Фр., 1952; Жугуштуу көз оору трахомадан сактангыла, Фр., 1957; Илимий медицина жана дин, Фр., 1957; Кыргызстанда саламаттык сактоо ишинин негизги өсүш этаптары, Фр., 1958; Медицина жана дин, Фр., 1963; В. И. Ленин жана советтик саламаттык сактоо иши, Фр., 1969; Калктын саламаттыгын сактоо жөнүндөгү лениндик идеянын Кыргызстанда аткарылышы, Фр., 1970; Советтик Кыргызстанда саламаттык сактоо ишинин өсүшү, Фр., 1970; Пайдалуу жана зыяндуу үрп-адаттар, Фр., 1971; Саламаттык сактоо ишинин мындан ары өсүш жолдору, Фр., 1972.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *