АЙГЫР-ЖАЛ КӨРҮСТӨНҮ

АЙГЫР-ЖАЛ КӨРҮСТӨНҮ-1-5-к-да тянь-шандык көчмөн уруулардан калган археол. эстелик. Нарын ш-нын бат. тарабында (7 км). Жүзгө жакын дөбө-мүрзөдөн турат. А. ж. к-нө адамдар жөнөкөй төрт чарчы чуңкурга, жарма көргө ж-а казанагы бар мүрзөгө башы кыбыланы каратылып коюлган. Ал көрүстөндөн жыгач ж-а карапа идиштер, темир бычактын сыныктары, жыгач табактар, үстөлчөлөр ж, б. буюмдар табылды. Аны изилдөө иштерин А. К. Кибиров жүргүзгөн (1953).

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *