АЙВАЗОВСКИЙ

АЙВАЗОВСКИЙ, Гайвазовский Иван Константинович (1817-1900) — орус сүрөтчүсү, деңиз пейзажынын чебери. Майда соодагер армяндын уулу. 1833-37-ж. Петербург сүрөт академиясында М. Н. Воробьевдон ж-а француз сүрөтчүсү Ф. Таннерден окуган. 1845-ж. академик, 1847-ж.
профессор, 1887-ж. Сүрөт академиясынын ардактуу мүчөсү. А. европ. бир нече академияга мүчө болуп шайланган. «Тогузунчу вал» (1850), «Чесмен согушу», «Наваррин согушу» (1948) деген шедеврлердин, о. эле көркөмдүк сапаты бийик 6 миңге жакын картина, сүрөт ж-а акварелдин автору.

Ад.: Б а р с а м о в Н. С, И. К. Айвазовский, М., 1967.

Author: 123

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *