АЙБЕК

АЙБЕК (ылакап аты; чыныгысы -. Муса Ташмухамедов) (1905-1968) — өзбек совет акыны ж-а прозаиги. Өзбекстандын эл жазуучусу (1965). 1948-ж-дан КПССтин мүчөсү. Өзб. ССР ИАнын академиги (1943). О. Азия ун-тинин экон. ф-тетин бүтүргөн (1930). Туңгуч ырлар жыйнагы 1926-ж. чыккан. А.- «Факел» аттуу ырлар жыйнагынын (1932), «Өч» (1932), «Жура уста» (1933), «Хамза» (1948), «Зафар жана Захра» (1951), «Акыйкатчылдар» (1954) деген поэмалардын, «Ыйык кан» (1943), «Навои» (1945), «Алтын өрөөн шамалы» (1950), «Күн өчпөйт» (1958), «Улуу жол» (1967) деген романдардын, «Жарык издеп» (1956) ж-а «Бала чак» повесттердин автору. «Навои» аттуу романы үчүн 1946-ж. СССР Мамл. сыйлыгын, «Бала чак» повести үчүн 1962-ж. Өзб. ССРинин Хамза атн. Мамл. сыйлыгын алган. А-тин мыкты прозалык чыгармалары советтик ж-а чет элдик бир катар тилдерге, асыресе кыргыз тилине да которулган. А. өзбек окурмандарын орус ж-а дүйнөлүк адабияттын классикалык чыгармалары м-н тааныштырган. СССР Жогорку Советинин 5-6-шайланышынын депутаты. Эки Ленин ордени, 4 башка орден, медалдар м-н сыйланган.

Чыг.: Ыйык кан, Фр., 1959; Сочинения, т. 1-5, Таш., 1962-64.

Ав.: Якубов Х. И., Айбек, в кн.: История узбекской советской литературы, М., 1967; Кошчанов М., Мастерство изображения характеров в романах Айбека, Таш., 1959.