АЙБАШЕВ Абугазир

АЙБАШЕВ Абугазир (1907-1965) — кыргыздын туңгуч актёрлорунун бири, Кырг. ССРинин эмг. сиң. артисти (1939). 1940-ж-дан КПССтин мүчөсү. Фрунзедеги театр студиясын бүткөндөн тартып (1926-1962-ж-га дейре) Кыргыз мамл. драма театрында актёр. Кыргыз иск-восунун Москвада өткөн биринчи декадасына катышкан (1939). Аткарган ролдору: Максүт (Ж. Турусбеков, «Ажал ордуна»), Мадыл (Ж. Бөкөнбаев, «Алтын кыз»), Дөлөнхан (К. Жантөшев, «Курманбек»), Адылчаев (Т. Абдимомунов, «Тар капчыгай»), Кеселер (К. Симонов, «Орус маселеси»), почточу (Ч. Айтматов, «Бетме-бет») ж. б. Эмгек Кызыл Туу, «Ардак Белгиси» ордендери ж-а медалдар м-н сыйланган.

Author: 123

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *