АЙБАШЕВА Канымкүл

АЙБАШЕВА Канымкүл (1901-1940) — кыргыз совет актрисасы, Кырг. ССРинин эмг. син. артисти (1939). 1927ж-дан КПССтин мүчөсү. А-нын чыгармачылык ишинин башталышы Кырг. муз. драма студиясынын ачылышы (1926) м-н байланыштуу болгон. А.- кыргыз театр иск-восунун эң алгачкы өкүлдөрүнөн. Белгилүү ролдору: Бүбүкан (М. Токобаев, «Кайгылуу Какей», 1927), Күлсүн (К. Жантөшев, «Карачач», 1929); Анна Андреевна (Гоголь, «Текшерүүчү», 1929), Эшимдин аялы (Р. Шүкүрбеков, «Жапалак Жатпасов», 1936), Топтордун байбичеси (Ж. Бөкөмбаев, «Алтын кыз», 1937) ж. б. «Ардак Белгиси» ордени м-н сыйланган.