АЙБАНАТ ЧАРБАЧЫЛЫГЫ

АЙБАНАТ ЧАРБАЧЫЛЫГЫ — териси баалуу айбанаттарды багып өстүрүүчү мал чарбасынын тармагы. Айбанаттар негизинен- капаста, кээде айрым аралда, атайлап тосулган жерде багылат. Анда күрөң, көгүлтүр түлкү, жанат, ңутрия, киш (булгун), суусар ж. б. асыралат. Кыргыз элинде айрым адамдар чаарчык, бачики, мамалакты ж. б. колдо багышкандыгы белгилүү. СССРде 1927-28-ж-да айбанат багып өстүрүүгө адистештирилген совхоздор уюпттурула баштайт. 1945-69-ж-дын аралыгында айбанат багып өстүрүүнү 136 ири совхоз уюштурулган. Бул мезгилдин ичинде баалуу тери алуу 200 эсе көбөйгөн. 192-9-ж. Бүткүл союздук зоотехниялык аң тери-сырьс чарбачылык ин-ту, 1932-ж. аңчылык айбанаттарды өстүрүү б-ча борб. ил. из. лабораториясы негизделип, керектүүадистер даярдалат. Негизги багыты мал чарбачылыгы болгон совхоздор м-н колхоздордо да өстүрүлө баштайт.

Кээ бир чарбада айбанаттардын саны 20 миңге чейин жетет. Бүткүл Сибирь, СССРдин Европа бөлүгүнүн түн. ж-а ортоңку тилкелеринде калтар, кара түлкү, ак түлкү, суу күсөн, киш багууга климат шарты өтө ыңгайлуу келип, анда айбанат көп өстүрүлүүдө. Пример крайында, Карел АССРинде, Прибалтика респ-каларында суу күсөн, ак түлкү ж. б-ды багуучу чарбалар көбөйүүдө. Айбанат чарбалары Ненең, Эвенк улуттук округдары м-н. Якут АССРинин колхоздорунда экон. жактан зор мааниге ээ. Кыргызстанда айбанаттарды багып өстүрүү 20-ж-дарда башталган. 1956-ж. Фрунзеге жакын жерде ферма уюштурулуп, анда кара түлкү (кийин ак түлкү да) багыла баштаган. Азыр Пржевальскиде да териси баалуу айбанаттар өстүрүлүүдө.