АЙБАНАТ ФЕРМАСЫ

АЙБАНАТ ФЕРМАСЫ — териси баалуу айбанаттарды колдо өстүрүүнү ферма. Мындай фермаларда негизинен суу күсөн, көгүлтүр түлкү, калтар, булгун, куну ж. б. багылат. Булар көбүнчө капаста багылып, териси ички соодага ж-а экспортко чыгарылат. Падышалык Россияда А. ф. кеңири өрчүтүлбөгөндүктөн, биринэкин фермаларда өстүрүлгөн айбанаттардын териси, аңчылыктан алынган териге караганда, бир кыйла кымбат болгон. СССРде 1928-29-ж-да Архангельск, Москва, Тюмень облтарында алгачкы А. ф-лары уюштурула баштады. Кийинчерээк Кыргызстанда да (Фрунзе, Пржевальск) А, ф. уюштурулду. Бардык А. ф-лауында механикалаштырылган тоют ашканасы, тоют камдоочу агрегат ж-а машиналар бар. А. ф-да эмгекти уюштуруунун негизги формасы — бригада. Ал өзүнө бекитилип берилген айбанаттарды асырайт. Айбанаттарды багууда алардын биол. өзгөчөлүктөрү эске алынат. Куут өз убагында өткөрүлүп, союлган айбанаттардын орду толукталып турат. А. ф-да чоң, тукумчул, териси сапаттуу айбанаттарды тандап алуу б-ча асылтукум иши жүргүзүлүүдө, к. Мал чарба фермасы.

Author: 123

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *