АЗ КАНДУУЛУК

АЗ КАНДУУЛУК — кызыл кан денечелериндеги гемоглобиндин ж-а организмдеги кандын жалпы көлөмүнүн азаюусу мүнөздүү болгон оорулардын тобу. Негизги белгилери — алсыздык, баш айлануу, демигүү, өңдүн кубарышы, бир аз убакытка эсинен тануу. А. к-тун себептерине кан агуу (мурундан, ичегидей, карындан, өпкөдөн ж. б. органдардан), айрым ферменттердин активдүүлүгүнүн начарлашы, темир, витамин ж. б. заттардын жетишсиздиги, ар кандай жугуштуу оорулардын терс таасири кирет. А. к. негизинен 3 фактордон — кан агуудан, кан пайда болуунун начарлашынан ж-а анын бузулушунун күчөшүнөн пайда болот. Кан көп аккан учурда операция жолу м-н канды токтотуп, кан токтотуучу дарылар берилет ж-а кан куюлат. Негизинен Bi2, С витаминдери, составында темири бар дарылар м-н дарыланат. Радиоактивдүү, уулуу заттар ж-а айрым узакка колдонулган дарылар таасир эткенде, сөөк чучугундагы кан клеткаларынын өсүшү бузулуп, кан денечелери аз иштелип чыгат. А. к-тун бул түрүндө гормондор ж-а хирургиялык операция жолу (көк боорду алып таштоо ж. б.) колдонулат.

Ад.: Кассирский И. А., Алексеев Г. А., Клиническая гематология, 3 изд., М., 1962; Генетика в гематологии, Л., 1967.

Author: 123

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *