АЗЫК-ТҮЛҮК ТОВАРЛАРЫ

АЗЫК-ТҮЛҮК ТОВАРЛАРЫ — коомдун керектөөсүнүн кээ бир түрлөрүн канааттандыруучу тамак-аш ө. ж. продуктылары. Буларга тамак-аш, жер-жемиш ширеси, шампан-шарап, консерва, өсүмдүк майы ж-а ар кандай суусун ичимдик (пиво, минералДУУ суу), тамеки ж. б. продукциялар кирет. Бул тармак Кыргызстанда негизинен 1935-ж-дан баштап өнүгүп, акыркы 10-15 жыл ичинде өзгөчө өстү. Азыр республикада вино, жашылча-консерва жасоочу, май, тамеки, пиво, суусун ичимдик ж-а ликерарак чыгаруучу 6 тармак бар, алар 17 ишканадан турат. Булардын ичинен өзгөчө ирц ишканалардын катарына Фрунзедеги шампан-шарап комбинаты, Токмоктогу жашылчаконсерва з-ду, Оштогу жашылча-вино совхоз комбинаты ж-а Кара-Суудагы май з-ду кирет. 1972-ж. маалымат б-ча бардык тамак-аш ө. ж-ның дүң продукциясынын 47,8% азык-түлүк чыгаруучу тармактын үлүшүнө туура келген.

Author: 123

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *