АЗЫК-ТҮЛҮК ОТРЯДДАРЫ

АЗЫК-ТҮЛҮК ОТРЯДДАРЫ — эгин, азык-түлүктүн дагы башка түрлөрүн даярдоо үчүн 1918—20-ж. түзүлгөн отряддар. ЭКСтин 1918-ж. 9-майдагы жумушчуларды ачарчылыкка каршы күрөшкө тартуу ж-дөгү токтомуна ж-а ББАК м-н ЭКСтин 13-майдагы азык-түлүк диктатурасын колдонуу ж-дөгү декретипе ылайык уюшулган. А.-т. о-на жумушчулардын, кедейдыйкандардын ыктыярлууларынан партиялык, сов. уюмдар сунуш кылгандары кабыл алынып, эгиндүү райондорго жөнөтүлгөн. А.-т. о. адегенде Москва, Петроград, ИвановоВознесенск ш-ларында уюштурулду; кийинчерээк алар РСФСР Азык-түлүк Эл Комиссариатынын Бирдиктүү азык-түлүк реквизиция армиясына кошулду, 1919-ж. августтан тартып ички тартип сактоо аскеринин карамагына өттү. А.-т. о. тарабынан туруктуу баа м-н сатып алынган же кулактардан тартып алынган эгин мамлекеттин карамагына өткөрүлгөн. 1920-ж. июлда Түркстан АССРинде А.-т. о-нын катарына 800 коммунист жөнөтүлгөн. Крайдын отряддарында 4 миңден ашык киши иштеген. Эгин даярдоо м-н бирге алар саясий-агартуу иштерин жүргүзүүдө жерг. органдарга зор жардам көрсөтүшкөн. Кыргызстандын кээ бир райондорунда А.-т. о-нын алдында а. ч. шаймандарын ремонттоочу көчмө устаканалар да иштеген. А.-т. о. мамлекетке эгин даярдоодо, азык-түлүк саясатын жүргүзүүдө, кедей-дыйкандардын чарбасын уюштурууда, кулактардын ж-а бай-манаптардын каршылыгын жоюуда жарды-жалчы комитеттери м-н бирге көп иштерди аткарды. А.-т. о., Гражд. согуш аяктаган соң, жаңы экономикалык саясатка өткөндө жоюлду.

Author: 123

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *