АЗОТ

АЗОТ (лат. Nitrogenmm — селитра пайда кылуучу), N — мезгилдик системанын V тобунан орун алган хим. элемент, ат. н. 7, ат. м. 14,0067. Кадимки шартта түссүз, жытсыз ж-а даамсыз газ. Абадан бир аз жеңил, эрүү t-209,86°С, кайноо t-195,8°С, тыгызд. 1,2506 кг/м3 (0°С, 760 мм. сым. мам.). 1-жолу 1772-ж. Д. Резерфорд ачкан. А. кычкылтекке караганда сууда аз эрийт, күйүүгө жардам бербейт. Таза А-то жаныбарлар жашай албайт, бирок ал — тиричилик үчүн эң зарыл элемент. А. жаныбарлардагы белоктун 16-17%ин түзөт. Ал жаратылышта эркин ж-а бирикме түрүндө кездешет, атмосферанын 78%ин ээлейт. Топурактын составында орг. ж-а орг. эмес кошулмалар түрүндө аз өлчөмдө кездешет. Ал көмүртек, суутек ж-а кычкылтек м-н кошулуп, белок заттарын пайда кылат. Жаныбарлар А-ту даяр белок заттар түрүндө өсүмдүктөрдөн алышат. Өсүмдүктөр А-тун орг. эмес бирикмелерин жер кыртышынан эритме түрүндө сиңирет. Жаратылышта азот топтоочу микроорганизмдер чоң роль ойнойт. Өсүмдүктөр байланышкан А-ту кыртыштан өтө көп алып, жерди арыктатат, ошон үчүн азоттуу семирткичтер чачылат. Жаратылышта А-тун 2 изотобу: N14 (99,635%) ж-а N15 (0,365%) кездешет. Анын молекуласы (N2) үч коваленттүү байланышы бар эки атомдон турат. А. абдан туруктуу ж-а хим. активдүүлүгү өтө төмөн, жогорку темп-рада гана металлдар м-н нитриддерди, кычкылтек м-н А. кычкылдарын (NO, NO2, N20, N203, N2O5) берет. А. м-н суутек жогорку темп-рада ж-а катализатордун катышуусунда аммиакты (NH3) пайда кылат, галогендер м-н түздөн-түз реакцияга кирбейт. А. лабораторияда аммоний нитридин ысытуудан алынат: NH4N02=N2-r-2H20. Техникада А. суюлтулган абадан алынып, негизинен аммиакты синтездөөгө жумшалат. Андан HN03, жер семирткичтер, жарылгыч заттар иштелип чыгарылат. Эркин А. хим. ж-а металлургиялык процесстерде инерттүү чөйрөнү түзүү, термометрлердин бош аралыгын толтуруу ж-а төмөнкү темп-раны алуу үчүн колдонулат.

АЗОТ АНГИДРИДИ, к. Азот кычкылдар ы.

Author: 123

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *