АЗОТ ТОПТОО

АЗОТ ТОПТОО — атмосферадагы: молекулалык азотту (N2) азоттуу бирикмелерге айландыруу процесси. Азотту ар кандай азот топгоочу микроорганизмдер (бактериялар, актиномицеттер, ачыткыч козу карындар, козу карындар, көк жашыл балырлар) топтонт. А. т.- жаратылышта азоттун айлануусунда чоң роль ойноочу маанилүү биол. процесс. 1 га топурактын үстүндөгү атмосферада 70 миң т эркин абалдагы азот кармалып турат. А. т-нун натыйжасында анын бир бөлүгү жогорку түзүлүштүү өсүмдүктөр үчүн пайдаланылат. Көк жашыл балырлар шалы плантациясында гектарына бир жылда 200 кг азот тойтойт. Буурчак өсүмдүктөрдөгү түймөк бактериялардын аракетинен бир сезондо 100- 250 кг га чейинки азот топуракка сиңирилет. Бул процесстин а. ч. өсүмдүктөрүнүн түшүмдүүлүгүн арттыруу ж-а топурактын асылдуулугун жогорулатуу үчүн эң чоң мааниси бар. Ошондуктан чанактуулардын уругун түймөк бактериялардын препараттары м-н аралаштырып себишип, кийинки жылы анын ордуна дан өсүмдүктөрүн айдатат. А. т-ну изилдөө өтө маанилүү. 1894-ж. С. Н. Виноградский А. т-нун натыйжасында аммиак (NH3) пайда болоорун болжолдоп айткан. Азыркы убакта азоттун оор изотобун (N15) колдонуу м-н жүргүзүлгөн изилдөөлөрдө анын тууралыгы аныкталды. А. Н. Бах А. т-ну (1934) кычкыл дандыруучу — калыбына келтирүүчү ферменттердин аракеттеринин натыйжасы деп ойлогон. Молекулалык азоттун (N2) аммиакка (NH3) чейин калыбына келиши составында темир, молибден, магний болгон ж-а электрондорду N2 ташып туруучу милдетин аткарган ферменттик системанын катышуусу м-н ишке ашары ырасталган. А. т-чу ферменттик система N2 нин калыбына келишин катализдейт. Мында керектелүүчү энергия аденозинтрифосфаттан (АТФ), калыбына келтиргичтен, мис, мол. суутектен (Н2) же сульфит гидратынан (Na2S204) алынат. Ошентип, ферменттердин жардамы м-н жүрүүчү А. т. кычкылтекти керектебестен эле, калыбына келүүчү процесс болуп саналат. Азот топтоонун жаратылышта мааниси чоң.

Author: 123

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *