АЗОТ КИСЛОТАСЫ

АЗОТ КИСЛОТАСЫ, HN03 -бир негиздүү күчтүү кислота. Кадимки шартта түссүз суюктук, кайноо t 84°С Суу м-н жакшы аралашып, 121,8°С де кайнай турган 69,2% А.К. бар азеотропгук аралашманы пайда кылат. Суусуз А. к. туруксуз болгондуктан, жарыктын таасиринен кадимки темп-рада кычкылтекти бөлүп чыгаруу м-н ажырайт: 4Я]УОз=4]У02+ -\-2Н20+02. Бөлүнүп чыккан азоттун кош кычкылы конңентрациясына жараша сары же кызыл түстө болот. А. к.- күчтүү кычкылдандыргыч. Ал алтын, тантал ж-а кээ бир платина мөталлдары м-н гана реакцияга кирбейт. Көпчүлүк металлдар м-н кошулганда, азот кычкылын бөлүп чыгарат: 3Cu+8HN03=3Cu(N03)2 +2NO+4H20. Концентрацияланган А. к. м-н туз к-тасынын аралашмасы (падыша арагы) алтын м-н нлатинаны да эритет. А. к-нын туздары-жалпысынан нитраттар, ал эми Na, К, Са, NHi туздары селитралар деп да аталат. А. к-н ө. ж-да алуу аммиакты кычкылдантуудан башталып, төмөнкүдөй реакцияга негизделет: 4NH3-}-502 = 4NO-{+6Н20; 2NO+02 = 2N02; 3N02+H20 = =2HN03+NO. А. к. азоттуу жер семирткичтерди, жарылгыч заттарды, орг. боекторду даярдоодо, күкүрт ж-а фосфор к-таларын алууда, металлдарды эритүүдө, алтын м-н күмүштү кенден ажыратууда колдонулат. А. к-нын буусу адамды ууландырып, концентрацияланган эритмеси терини күйгүзөт. Ө. ж. имараттарындагы абанын составында А. к-нын өлчөмү 50 мг/м3 ден ашпоого тийиш. ?