АЗОТ ЖЕР СЕМИРТКИЧТЕРИ

АЗОТ ЖЕР СЕМИРТКИЧТЕРИ — өсүмдүктөрдү азот м-н камсыз кылуу максатында колдонулуучу минералдык ж-а орг. заттар. Алар орг., минералдык ж-а көк жер семирткичтер болуп бөлүнөт. Россияда илгертен бери кык А. ж. с. катары кеңири пайдаланылган. Көк жер семирткич О. Азиянын сугат дыйканчылыгында мурдатан белгилүү. Минералдык жер семирткич кийинчерээк колдонула баштады. 19-к-дын орто ченинде Чилиде өндүрүлүүчү табигый натрий селитрасы 1-пайдаланыла баштайт. Ө. ж-да аба азоту м-н суутектен аммиакты синтездеп алуу А. ж. с-нин өндүрүлүшүнүн жогорулашына алып келди: 1966-ж. дүйнө б-ча 19200 миң г га (таза азот) жеткен. Аммиак жер семирткичине аммиак селитраты, хлорлуу аммоний, аммоний бикарбонаты ж-а суюк А. ж. с. кирет. Аммоний сульфаты м-н хлорлуу аммоний дайыма колдонулса, топурактын кычкылдуулугу жогорулап кетет. Муну топуракты аки таштоо жолу м-н жоюуга болот. Аммиак жер семирткичинин ичинен суюк А. ж. с-нин мааниси чоң. Аммиактуу нитрат жер семирткичине: аммиак селитрасы, аммоний сульфонитраттары кирет. Аммиак селитрасы умачталган түрдө чыгарылат. Нитраттуу жер семирткич — натрий, кальций, калий селитралары. Натрий селитрасы щёлочтуу болгондуктан, кычкыл топурактуу жерде кант кызылчасына, буудайга, арпага ж. б. өсүмдүктөргө чачылат. Кальций селитрасы аммиак селитрасы м-н арадаштырылып умачталган түрдө чыгарылат. Калий селитрасы өсүмдүктөрдү азот, калий м-н камсыз кылат (к. Комплекстуу жер семирткичтер). Амид А. ж. с.- мочевина, кальций цианамиди, мочевиналуу формальдегиддүү жер семирткичтер. Мочевина дыйканчылыкта кеңири колдонулат. Кальций цианамидинин топурак кычкылдуулугун азайтуучу касиети болгондуктан, орг. заттарга бай нейтралдуу топурактарга чачылса, жакшы натыйжа берет. Мочевиналуу-формальдегиддүү жер семирткичтер нымдуу ж-а сугат жерлерде чоң пайда келтирет. А. ж. с-н чачуу өлчөмү топурак составына, өсүмдүктөрдүн биол. өзгөчөлүктөрүнө, кык же орг. семирткичтер м-н камсыз болушуна жараша аныкталат. А. ж. с. негизги жер семирткич ж-а кошумча азыктандыруу катарында колдонулат.

Author: 123

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *