АЗОТТУК ТЕҢ САЛМАКТУУЛУК

АЗОТТУК ТЕҢ САЛМАКТУУЛУК — жаныбарлар организми кабыл алган ж-а кайра андан бөлүнүп (заара, заң аркылуу) чыккан азоттун шайкеш абалы. Кишинин организминде адатта А. т. с. болот. Суткасына чоң кишилерге орто эсеп м-н 16 г азот (100 г белокко барабар) керек. Кабыл алынган азоттун саны бөлүнүп чыкканынан аз болсо, азоттук терс баланс пайда болот да, организм арыктай баштайт. Өсүп бара жаткан организм оң азоттук баланска муктаж. АЗПАК (А з и я-Т ы н ч океан совети) — Ыраакы Чыгыштагы ж-а Тынч океандын бат. тарабындагы региондун уюм; 1966-ж. Сеулда (Түштүк Корея) болгон уюштуруу конференциясында түзүлгөн. Ага Япония, Австралия, Жаңы Зеландия, Таиланд, Филиппин, Малайзия, Түштүк Корея, Түштүк Въетнам (1975-ж. чейин) , Тайвань кирген. А. сөз жүзүндө экон., маданий ж-а коомдук маселелер б-ча кеңешип турчу уюм болсо да, иш жүзүндө Азиядагы соц. мамл-терге ж-а өздөрү аракет кылып жаткан райондогу улуттук-боштондук кыймылына каршы багытталган саясий союз. А. жылына бир жолу сессия өткөрөт, сессиялар аралыгындагы мезгилде А-тын ишин Туруктуу комитет жөнгө салып ж-а консультациялап турат. Комитетке А-тын сессиясы кайсы өлкөнүтн аймагыпда откөрүлсө, ошол өлкөнүн тышкы иштер министри- председателдин кылат, калган өлкөлөрдүн элчилери комитетке мүчө болушат. АКШ блоктун мүчөсү болбосо да, анын ишин көзөмөлдоп, башкарып турат. А-тын мүчөлөрүнүн көбү Батыштагы державалардын согуштук топторуна катышат. А-тын мүчөлөрү ар кандай договорлор ж-а келишимдер аркылуу АКШ ж-а Англия м-н байланышта турушат.

Author: 123

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *