АЗОР АР АЛДАРЫ

АЗОР АР АЛДАРЫ -9 ири а-дан (Сан-Мигел, Терсейра, Пику ж. б.) ж-а бир нече рифтен турган Португалияга караштуу архипелаг, Атлантика океаньшда. Аянты 2,3 миң км2. Рельефи тоолуу, чокуларынын бийикт. 2320 м ге чейин жетет. Жер титирөө болуп турат. Климаты субтропиктик, деңиздин; январдын орточо темп-расы 14°С, июлдуку 22°С Жылдык жаан-чачын 700-800 мм. Дайыма көгөрүп туруучу субтропиктик токойлор, бадалдар бар, банан, цитрус, өрүк, жүзүм ж. б. жемиштер өстүрүлөт. Эл аралык мааниси бар аба ж-а деңиз жолундагы база. Чоң шаарлары ж-а порттору: Понта-Делгада, Ангра-ду-Эроижму, Орта.