АЗООСПЕРМИЯ

АЗООСПЕРМИЯ (гр. а… ж-а zoon- тирүү жандык, sperma — эркектин уругу) — эркектин жыныстык суюктугунда урук клеткасынын жоктугу. А. жыныс бездери м-н урук түтүктөрүнүн жетилбей калышынан, алардын ар түрдүү ооруларга (котон жара, астынан сезгенүү, жыныс безинин шишиги, кант оорусу, уулануу ж. б.) чалдыгышынан пайда болот. А. жыныстык суюктукту микроскопто текшерүүдө аныкталып, дарылоо иши дарттын себептерине жараша жүргүзүлөт.