АЗОВ ДЕҢИЗИ

0700949180
номурга
50 бирдик.

Гезит, Китептерди тоолугу менен окуйм десен

Орусия, Казакстандагылар үчүн
QIWI-кошелек биерде

Квитанцияны жана атыңы
Ватсапка жаз

АЗОВ ДЕҢИЗИ — СССРдин Европа бөлүгүнүн түштүгүндөгү Атлантика океанынын алабына таандык материк ичиндеги деңиз. Кара деңиз м-н Керч кысыгы аркылуу кошулат. Аянты 38 миң км2, орточо тереңд. 8 м, эң терең жери 14 м. Деңиз жээктеринде булуң-буйткалары аз. Ири булуңдары: Таганрог, Темрюк, Арабат. Ири куймалары: Дон, Кубань ж. б. А. д. тубүнүн рельефи борборун көздөй жантайыңкы келип, түздүктуү. А. д. районунун климаты континенттик, кышы суук (январдын орточо темпрасы- 6-9°С), жайы ысык (июлдун орточо темп-расы 23,5-24,5СС), жылдык жаан-чачын 312-528 мм. Суунун темп-расы кышында 0°С ден ТөМөН, жайында 25-30°С Тузд. 9-11%0. Шамалдын таасири м-н деңиз деңг. 5,5 м ге чейин өзгөрүп турат. Март айына чейин муз каптап, апрелде ачылат. Осетр, лещ, судак, тарань, рыбец, шемая, бычки, сельдь, хамса, тюлька ж. б. балыктар кармалат. Ири порттору: Таганрог, Жданов, Ейск, Бердянок.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *