АЗОВ БОЮ ДӨҢСӨӨСҮ — Украинанын түш.-батышындагы дөңсөө. Чыгышынан Донецк дөңсөөсү (кряжы) м-н чектешет. Бийикт. 324 м ге чейин (Могила-Бельмак). Түштүккө карай бир аз эңкейиш. Дөңсөө кристаллдык тоо тектеринен турат, үстү чополуу, капталдары ж-а этектери кара топурактуу келип, бетеге, ак кылкан, кыйгак, кара шыбак, эрмен ж. б. өсүмдүктөр өсөт.

от 123