АЗОБОЁКТОР

АЗОБОЁКТОР — ароматтык радикалдарды байланыштырып турган бир же бир нече азо топтору — N=N- бар орг. боёктор. Молекуласындагы азо топтордун санына жараша: моно-, ди-, три- ж-а полиазо боёктор деп айырмаланат. А-дун ароматтык радикалдарынын ядросунда дайыма NH2, SOsH, ОН, СООП, CI, N02 Ж. б. топтор болот. Кислоталык топтор А-дун сууда эришине шарт түзөт. А-дун өңүнүн кочкулданышы азо кычкыл ж-а амин тооторунун санына жараша болот. А. өздөрүнүн касиеттерине ж-а боёлуучу материалдарга жараша бир нече топко: составында бир же бир нече сульфо-тобу болгон кислоталык, составында амин тобу бар негиздик ж-а активдүү А-го бөлүнөт. Активдүү А. булалар м-н хим. байланыш түзө алат, иштетүүгө абдан чыдамдуу келет. А-дун мындан башка да көп түрү бар. Алар ароматтык диазо бирикмелер м-н фенолдор, ароматтык аминдердин реакцияга киришинен синтезделинет. А. кездеме, жүн, булгаары, резина, кагаз, пластмассалардын кээ бир түрлөрүн боёодо, полиграфияда кеңири колдонулат. АЗОБЕНЗОЛ, C6HsN=NC6H5-ароматтык эң жөнөкөй азобирикме; саргыч кызыл кристалл. Транс-изомери туруктуу, эрүү t 68СС Спиртте, эфирде, бензолдо, концентрацияланган уксус ж-а күкүрт к-таларында эрийт. А. нитробензолду же азоксибензолду жегичтүү чөйрөдө цинк күкүмдөрүнүн таасири астында же электрохим. жол м-н калыбына келтирүүдөн алынат. А-дун молекуласына амин же окси топторду киргизүү м-н синтет. азобоёктор жасалат. А-ду 1834-ж. немец химиги Э. Мичерлих ачкан.