АЗИЯ

АЗИЯ (гр. Asia, балким ассир. asy — чыгыш дегенден) — дүйнөнүн эң чоң бөлүгү (бүткүл кургактыктын 30% ке жакыны), Евразия материгинин бир бөлүгү.

Жалпы маалымат. А. Түн. жарым тардын бардык геогр. алкактарынан орун алган. Малай архипелагы Түш. жарым шарга бир аз кирип турат. А. түндүктөн Тун. Муз, чыгыштан Тынч ж-а түштүктөн Инди океандары, түш.-батыштан Атлантика океанынын деңиздери (Жер Ортолук, Эгей, Мрамор, Кара, Азов) ж-а дүйнөдөгү эң ири көл — Каспий деңизи м-н курчалат. А-ны Америкадан Беринг кысыгы бөлүп, Африка м-н Суэц мойногу туташтырат. А. м-н Европанын чек арасы болжол м-н Уралдын чыг. этеги, Эмба ж-а Маныч д-лары аркылуу өтөт. Материктин аянты 43,4 млн. км2 (Кавказ м-н), анын ичинен 8 млн. км2 ге жакыны — жарым арал ж-а 2 млн. км2 ден ашыгыраагы — арал. А-нын абс. бийиктиктери өтө ар түрдүү: дүйнөдөгү эң бийик чоку Чомолунгма (Гималаи, 8848 м), өтө төрөң чуңкурлар (Байкал ээлеген жердин тереңд. 1620 м, Турпан өрөөнүнүн абс. белгиси 154 м, ж. б.) бар. Түн. А., Чыг. А., Борб. А., Орто А., Түш. А. ж-а Бат. А. болуп, А. бир нече ири бөлүктөргө бөлүнөт. Табияты. Орография. А-нын % бөлүгү тоолуу ж-а бөксө тоолуу; алардын эң бийиктери Борб. ж-а О. Азияда. А-дагы тоолор 2 чоң тилкеге бөлүнөт. Бири Чукоткадан башталып, Колыма тайпак тоосу аркылуу Жугужур, Становой кырка тоолоруна өтүп, Түш. Сибирь, Тянь-Шань ж-а Гиссар-Алай тоолоруна чейин созулуп жатат. 2-тилке Алдыңкы Азия тайпак тоолорун, Памир, КараКорум, Тибет, Гималаи тоолорун түзүп, андан түштүккө ж-а түш.-чыгышка имерилип, Малай архипелагына өтөт. Бул 2 тилкенин ортосунда Борб. А-нын көтөрүңкү түздүктөрү м-н бөксө тоолору орун алган. А-нын аянтынын 25% ке жакынын түздүктөр ээлейт. Алардын эң ирилери: Бат. Сибирь, Туран, Түн. Сибирь, ЯнаИндигирка, Колыма, Улуу Кытай, Инди-Ганг, Месопотамия.

Рельефи. Азиянын азыркы рельефин негизинен мезозой ж-а альпы бүктөлүүлөрү, байыркы түзөңдөлүү процесстери, тоолордун эрозиялык тилмеленүүлөрү м-н ойдуңдарда чөкмөлөрдүн топтолушу түзөт. Тоолордун байыркы түзөңдөлүүсүнөн пайда болгон Памир, Тянь-Шань ж-а Тибеттердеги бөксө тоолор (сырт) неоген-антропоген мезгилиндеги вертикаль кыймылдардын натыйжасында 3-4 миң м бийиктикке, ал эми аларды курчап турган тоолор 6-8 миң м ге чейин көтөрүлгөн. Бул кыймылдар өзгөчө Борб. А-да күчтүү болгон. Эрозиянын интенсивдүү кыймылдарынан байыркы бөксө тоолор өтө тилмеленип тоолуу өлкөлөргө айланган. Терең капчыгайлар Гималаи, Куньлунь, Тянь-Шань, Памир ж. б. да өтө көп. Түн.-батышынан 60-64° түн. кеңдикке чейин жеткен муз каптоолордун издери сакталып калган. Байыркы, өзгөчө неоген-палеоген мезгилиндеги жанар тоолордун кыймылынан лавалык платолор, жаш жанар тоо тизмектери пайда болгон.

Геологиялык түзүлүшү ж-а пайдалуу кендери. А. кембрийге чейинки мезгилде пайда болгон бир нече чоң платформалардан (Сибирь, КытайКорея, Түш. Кытай, Инди, Араб ж. а.) ж-а алардын аралыгынан орун алган ири бүктөлүү аймактарынан турат. Платформалар А. материгинин алгачкы ядролору болгон. Палеозой, мезозой, кайнозой замандарында пайда болгон геосинклиналдар платформаларды кошуп, А. материгин түзгөн. Платформалардын фундаменти кембрийге чейинки өтө метаморфизмделген кристаллдуу сланец, гнейс ж-а граниттерден түзүлүп, көбүнчө калкандар м-н антеклизалар түрүндө жер бетине чыгып турат. Айрым жерде алар палеозой, мезозой, кээде, кайнозой (Гималаи тоосунун түш. та-‘ рабында ж. б.) заманында пайда болгон континенттик, деңиз чөкмөлөрүнүн катмарлары ж-а лавалар м-н басылып калган. Протерозойдун аягында, палеозойдун башында пайда болгон бүктөлуүлөр Сибирь платформасын түш. ж-а бат. тарабынан курчап турат. Бул бүктөлүү Борб. Казакстанда, Тянь-Шандын түн. бөлүгүндө ж-а Кытайдын түш.-чыг. райондорунда да болгон. Терцин буктөлуулөру (Таймыр, Урал, Казакстан, Салаир, Түш. Алтай, Тянь-Шань ж. б.) болсо жалпы бир жааны пайда кылат. Мезозойдо бүктөлүү процесси ВерхоянКолыма, Чукот обл-тарындагы Сихотэ-Алинь ж-а Индокытайдагы таш көмүр, пермь, триао, юра алгачкы бор мезгилдеринде пайда болгон геосинклиналдык калың катмарларды камтыган. Альпы буктелуусу чоң аянттагы Альпы-Гималай аймагында жайгашкан. Кайнозой мезгилинин аягынан баштап, азыркы учурга чейин өнүгүп жаткан бүктөлүү аймактар Тынч океандын жээктеринен (Бат. Камчатка, Сахалин, Хоккайдо, Тайвань, Калимантан) орун алып, алар Бирма-Суматрага чейин созулат. Бул аймактар азыркы мезгилде жер титирөөлөр, жанар тоолордун атылуулары ж-а тынымсыз тектоникалык кыймылдардын болуп турушу м-н мүнөздөлөт. А. түрдүү кендерге бай. Таш көмүр Кыргызстанда (Таш-Көмүр, Көк-Жаңгак, Кызыл-Кыя, Кара-Кече), Казакстанда (Караганда), Сибирде (Кузнецк, Минусин, Тунгус), Кытайда, Кореяда, Индокытайда, Вьетнамда, Японияда. Нефтиге бай райондор: СССРде Закавказье, Бат. Сибирь, Түркм. ССРи, Мангышлак ж. а-ы, Каспий боюндагы ойдуң; чет өлкөлөрдө — Перс булуңунун аймагы, Кытай, Индонезия, Япония. Күйүүчү газдар СССРде (Өзбекстан, Бат. Сибирь ж. б.), Жакынкы ж-а О. Чыгыш өлкөлөрүндө; темир кендери Казакстанда (Кустанай), Сибирде, Кыргызстанда (Жетим темир рудалуу бассейны) Кытайда, Кореяда, Индияда кезигет. Закавказьеде, Индияда марганецтин эң ири кендери бар. Хром кендери Казакстанда, Турцияда, Филиппин а-дарында, Иранда; жез Казакстанда, Түн. Сибирде, Японияда; коргошун-цинк Кыргызстанда (Сумcap полиметалл кени), Рудалуу Алтайда, Японияда, Кытайда, Бирмада, Вьетнамда; боксит кендери Казакстанда, Красноярск крайында, Индияда, Бирмада; калай Ы. Чыгышта, Чыг. Сибирде, Кыргызстанда, Түн. Кытайда, Бирмада, Индонезияда; алтын Сибирде, Приамурьеде, Түн. Казакстанда, Өзбекстанда, Кореяда, Японияда; алмаз Бат. Якутияда, Индияда. Сымап м-н сурьманын ири кендери Кыргызстан (Хайдаркен, Кадамжай ж. б.), Түн. Кытайда табылган. Фосфорит кендери Казакстанда (Каратау), Сибирде, Монголияда, Кытайда, Индияда; туз кендери О. Азияда, Сибирде, Пакистанда, Иранда; графиттин ири кендери Чыг. Сибирде, Шри Ланкада бар.

Климаты. Кургактыктын кеңири созулуп жатышы, тоолордун тоскоолдуу ж-а көпчүлүк ойдуңдардын туюктугу күн радиациясы м-н атмосф. циркуляпиянын, жалпы эле климаттын ар түрдүү болушуна шарт түзөт. А-нын көпчүлүк бөлүгүндө континенттик климат басымдуулук кылат. Нымдуу атлаитика абасы А-га жеткенде өзгөрүп, — континенттик массага айланат. Батыштан келген аба массалары басымдуу болгондуктан, ж-а четки кырка тоолордун тоскоолдугуна байланыштуу Тынч океандын деңиздин абасы А-нын чыг. жээктерине гана таасирин тийгизет. Түндүктөн келген арктика аба массалары материктин түпкүр аймактарына чейин кеңири тарайт, ал эми тропиктик ж-а экватордук аба массаларыяын таралышына Гималаи тоолору тоскоол болот. Кургактыктын жайында өтө ысып, кышында өтө муздашы А-да атмосф. циркуляциянын кескин мезгилдик өзгөрүшүнө алып келет. Кургактыктын кышында муздайт Түн. ж-а Борб. Азияда туруктуу күчтүү атмосф. басымды пайда кылат. Ушунун негизинде Монголияда өтө катаал кышкы азия антициклону пайда болот. Абс. миним. материктин түн.-чыгышында жер шарынын «суук уюлдарынын» бири болгон Верхоянск, Оймякондо (-70°ка чейин) байкалат. Алдыңкы, Борб. ж-а О. Азиянын бир аз бөлүгүндө жайкысын континенттүү-тропиктик кургак аба пайда болот. Жайкы муссондун Индостан, Түш. Гималаи ж-а Индокытайга өтүшү жаан-чачынды күчөтөт. Аравия м-н Пакистанда чөл-тропик климатынын болушу Түн. Африкадан келген кургак ж-а ысык аба массаларына байланыштуу. Чыг. А. жайында тынч океан полярдык фронтунун таасирине учурайт. Материктин чыг. жээгинде муссон жааны жаап, күзүндө өтө катуу тропик циклондору (тайфундар) болуп турат. А-нын тропиктик бөлүгүндө — кышында континенттүү-тропиктик, жайында экватордук-деңиздик, ал эми экватордун өзүндө жаан-чачындуу, жыл бою бир калыптагы экватордук-деңиздик климат өкүм сүрөт. Сибирде январдын орточо темп-расы -20°Сден төмөн. Январдын 0° изотермасы Самаркан, Нанкин, Токио аркылуу өтөт. Эң жогорку темп-pa (30°Сден жогору) июлда Алдыңкы ж-а О. Азияда, ТаклаМакан ж-а Тар чөлдөрүндө болот. Тундрада июлдун орточо темп-расы 10°С. Экватордук алкакта жылдык жаан-чачындын өлчөмү 2000 мм, Түш. ж-а Чыг. А-нын деңиз жээктеринде 2000-3000 мм ж-а андан да көбүрөөк (кээ бир жерлерде 8000-12000 лиг ге чейин), субтрониктик ж-а мелүүн климаттык алкактарда жылына 600- 1000 мм. Чыг. Сибирде жаан-чачын 350 мм ден төмөн, Орто, Жакынкы ж-а Борб. А-нын чөлдөрүндө 150- 200 мм, кээ бир жерлеринде 100 мм ден аз. А-дагы климаттын негизги типтери: арктикалык-чөл, субарктикалык (тундралык), мелүүн алкакта — кургак, кышы өтө суук, кескин континенттүү климат (Чыг. Сибирь), чөлдүү (О. Азия, Казакстан, Борб. Азия), мелүүнмуссондуу (материктин чыг. жээктери); субтрониктик алкакта — жер ортолук (Алдыңкы А-нын бат. чектери), жылуу субтропиктикколхидалык, бийик тоолуу-чөл (Памир, Кара-Корум, Тибет), субтрониктик муссондуу (Азиянын чыг. жээктери) , тропиктик алкакта — тропиктик-чөл (Алдыңкы А-нын түштүгү, Пакистандын ж-а Индиянын чектеш бөлүктөрү), субэкватордук (тропиктик-муссондуу Индостан, Индокытай, Яванын чыг. р-ндору, Кичи Зонд а-дары), экватордук (Чоң Зонд а-дарынын калган райондору ж-а Малакка ж. а-ы) климат болуп бөлүнөт.

Ички суулары. А. ири дарыяларга бай. Тун. Муз океанга — Обь, Енисей, Лена, Ява, Индигирка, Колыма; Тынч океанга — Анадырь, Амур, Хуанхэ, Янцзын; Инди океанга-Салуин, Иравади, Брахмапутра, Ганг, Инд, ШаттЭлл-Араб; Азов, Кара ж-а Жер Ортолук деңиздерине А-нын терр-ясынан чыккан тоо суулары куят. Каспий, Арал деңиздеринин ж-а Балкаш көлүнүн алаптарына — Волга, Кура, АмуДарыя, Сыр-Дарыя, Иле д-лары кирет. Кээ бир дарыялар (Тарим, Чүй, Гильменд) көлдөргө куят же кумга сиңип жок болот. А-нын сууларынын негизги өзгөчөлүктөрү: мелүүн ж-а бир аз нымдуу климатта дарыялар кышында тоңуп, жазында ташкындайт; жаан-чачын аз жааган кургак обл-тарда мөңгү ж-а кардан куралган дарыялардын (Аму-Дарыя, Сыр-Дарыя) гана суулары . мол. Калгандарынын суулары аз келет же мезгили м-н кургап калат, муссондуу климат р-ндорунда дарыялар жай айларында кирет. Экватордук р-ндордун дарыялары жыл бою сууга мол. А-нын ири көлдөрүнүн ичинен Каспий м-н Арал деңиздеги — илгерки ири деңиздердин калдыгы. Тектоникалык ойдуңдарда Байкал, Ысык-Көл, Хубсугул, Өлүк деңиз, Ван, Резайне, Телец ж. б. көлдөр жатат. Кээ бир көлдөр көчкүдөн (Сарез), карст процесстеринин натыйжасында (Бат. Тавр), лавалардын тосуп калуусунан пайда болгон (Цзинбоху, түн.-чыг. Кытайда) . А-нын дарыялары м-н . көлдөрүнүн трансп. мааниси чоң. Көп дарыялар гидроэнергет. ресурстарга бай, алар СССРде кеңири пайдаланылат. (Енисей, Ангара, Обь, Иртыш, Нарын ж. б. д-ларда ГЭСтер курулган).

Топурагы. Жылуулук м-н нымдуулуктун өзгөрүш режимине байланыштуу Арктика чөлдөрүнөн нымдуу экватордук алкакка чейин топурактардын бир нече типтери учурайт. Кургак талаалары — коңур, жарым чөлдөрү — ачык күрөң, чөлдөрү — боз күрөң, мелүүн алкактын нымдуу р-ндору-күрөң ж-а кара күрөң топурактуу. Тоо этектери м-н капталдарында — тоолуу күл топурак, жогорку бийик бөлүгүндө тоолуу-тундра, ал эми нымдуу жылуу алкактарында кызгылт саргыч, күрөң топурактар басымдуулук кылат.

Өсүмдүктөрү. А. Голарктика ж-а Палеотропиктик болуп эки фитогеогр. областка бөлүнөт. Климаттын дайым жылуу болушуна байланыштуу палеозой ж-а мезозойдон берки палеотропиктик өсүмдүктөрдүн көптөгөн түрлөрү сакталып калган. Ал эми голарктика өсүмдүктөрү климаттын суук болушунан ж-а муз каптоолордун натыйжасында суюлуп, түрү азайып кеткен. Түндүктөн түштүккө карай климат өзгөрүлгөн сайын тундрадан Түш. жарым шардын нымдуу экватордук токойлоруна чейин өсүмдүктөр алмашылып турат. Тундрада мох, эңилчек ж-а жапыз бадалдар өсөт. Ал эми тундранын түштүгүндө токойлуу-тундра тилкеси жатат. Түн. Азиянын кеңири бөлүгүн ийне жалбырактуу токой зонасы (тайга) ээлейт. Мында карагай, пихта, кедр, кызыл карагай ж. б. өсөт. Бат. Сибирь, Чыг. Сибирь, Түн. Казакстанда талаа зонасы орун алган, анын көп жери айдалат. О. Азия, Жунгар, Такла-Макан ж-а Монгол түздүктөрүнө чөл, жарым чөл ландшафттары таралган. Андан түштүктө субтропиктик чөлдөр жатат. Тропиктик чөлдүү зона (Араб ж. а-ы, Тар чөлү) А-нын батыш бөлүгүндө. Тропиктик кеңдиктердин калган райондорунда саванналар, тропиктик кургак талаалар, сейрек токойлор ж-а бадалдар, дайыма көгөрүп туруучу тропик токойлору өсөт. Тоолуу областтарына бийиктик алкактуулук мүнөздүү.

Жаныбарлар дүйнөсү. А. жаныбарлары өтө бай. Жаныбарлар кеңдик зоналары ж-а бийиктик алкактары б-ча таралган. А-нын тундра ж-а Түн. Муз океан жээктери жаныбарларга жарды. Мында сойлоочулар ж-а жерде жашоочулар жокко эсе, канаттуу куштарынын дээрлик бардыгы келгиндер (ак үкү, ак чил, өрдөк, ак куу, каз, ак чардак ж. б.). Тундрада — түн. бугусу, түлкү; деңиз жээктеринде — тюлень, морж, ак аюу; токой зонасында — багыш, бугу, элик, күрөң аюу, сүлөөсүн, тыйын чычкан, коён ж. б.; талаа ж-а тоо чөлдөрүндө — аркар, тоо эчки, илбирс, кабылан; кемируүчүлөрдөн: ач күсөн, сары чычкан, суур, чычкан, коён; канаттуулардан: торгой, тоодак, күйкө, кыргоол; сойлоочулардан: кескелдирик, жылан (удав, кобра ж. б.), таш бака ж. б. Экватордук ж-а субэкватордук кеңдиктерде-инди-малай жаныбарлары: инди пили, буйвол, \ доңуз, антилопалар ж-а бугунун бир нече түрү, суусар, кабылан; канаттуулардан: кең ооз, питт, тоту куш, кыргоол; сойлоочулардан: крокодил, таш бака, кобра жылаядарынын бир нече түрү ж. б. бар.

Географиялык изилдөө тарыхынан. Байыртан эле ассирия, вавилон, инди, кытай, египет элдерине А. ж-дө кээ бир геогр. маалыматтар белгилүү болгон, Байыркы Египет ж-а грек-фарс согуштары (б. з. ч. 477-449-ж.), Александр Македонскийдин жортуулдары (б. з. ч. 4-к.), Египет м-н Индиянын деңиз аркылуу соодасы, Борб. ж-а Алдыңкы Азия аркылуу Кытай жибегинин ташылып өтүшү ж-а о. кылымдарда хорезм, араб, монгол жандарынын ортосундагы элчилердин жүрүшү A. ж-дөгү маалыматтарды байыткан. Венециялык Марко Поло (13-к.) А-ны кыдырып өткөн. Иран аркылуу орус соодагери Афанасий Никитин Индияга барган (1466-72). Магеллан башкарган исп. экспедиция 1521-ж. чыг. жагынан Филиппинге жеткен. А. өлкөлөрүн геогр. жактан изилдөөлөр бурж. мамл-тердин басып алуучулук колонизатордук максаттары м-н байланыштуу болгон. 18-19-к-да Англия- Индияны, Бирманы, Франция — Вьетнамды, Камбоджаны, Лаосту, АКШ Филиппинди басып алып, 19-20-к-да Англия м-н Франция араб өлкөлөрүн баш ийдирген. Түн. А-ны орус саякатчылары ачты. Ермактын Бат. Сибирге болгон жортуулдарынан кийин 17-к-дын 20-ж-дарында орустар Сибирде Ленага чейин барышты. 1644- 52-ж-да орус саякатчылары Е. Хабаров — Амур боюн, В. Атласов Түн. Куриль а-дарын ачты (1649). 1648-ж. С Дежнев м-н Ф. Попов 1-болуп азыркы Беринг кысыгын ачышкан. П. И. Годунов м-н С У. Ремезов Сибирдин геогр. картасын түзүштү. А-нын Чыг. ж-а түн. жээктерин изилдөөдө Камчатка экспедициялары чоң роль ойногон. 1833-1843-ж. Д. Я. ж-а Х.П.Лаптевдер, С П. Челюскин ж. б-лар ошол экспедицияга катышып, Түн. Муз океандын азиялык жээктерин картага түшүрүштү. Франция деңиз саякатчысы Ж. Ф. Лаперуз (1787), орус географы Г. А. Сарычев (1789), англ. деңиз саякатчысы У. Броутон (1796-97), орус деңиз саякатчысы И. Ф. Крузенштерн (1804-05), япон топографы Мамия Риндзо (1809), орус деңиз саякатчысы B. М. Головнин (1811) Ы. Чыгыштын жээктерин картага түшүрүшкөн. О. Азиянын тоолору м-н түздүктөрүн П.П.Семенов (1856-57), М.И. Венюков (1859-60), Н. А. Северцев (1864- 78), А.П.Федченко (1868-71), Ф. В. Ошанин (1876-78) изилдешкен. Кавказды — М. И. Венкжов (1861-63) ж-а Г. И. Радде (1863-93), Иран бөксө тоолорун Н. В. Ханыков (1858-59) тилдеди, 1858-59-ж-да окумуштуу ж-а саякатчы Ч. Валиханов Кашкар м-н Тянь-Шанда болгон. 1870-85-ж-да Н. М. Пржевальский Чыг. ж-а Борб. Азияга 4 жолу саякат жасап, Куньлунь, Наныпань, Борб. Тибет, Хуанхэ д-на чейин барып жеткен. Анын изилдөөлөрүн В. А. Обручев (1892- 94, 1905-06, 1909-ж-дары), В. В. Сапожников (1895-1905), Г. Ц. Цыбиков (1899-1902) улантышып, аны бир топ кеңейтишти. 19-к-дын 2-жарымында 20-к-дын башында орус изилдөөчүлөрү И. В. Мушкетов — О. Азиянын, В. Л. Комаров — Камчатка, Чыг. Саян ж-а Түн.-Чыг. Кытайды, А. Н. Краснов ж-а Воейков — Чыг. ж-а Түн. А-ны, И. И. Зарудный — Иранды, П. Н. Крылов — Бат. Сибирди, Л. С Берг — Арал деңизин, В. В. Докучаев Кавказдын топурактарын изилдеген. Сов. окумуштуулардын изилдөөлөрүнүн натыйжасында Түн. деңиз жолу, Сибирь көмүр металлургиялык базасы, О. Азия ирригация системалары кеңейтилди ж-а алардан тышкары ондогон, жүздөгөн башка ири курулуштар ишке ашты, көп сандаган маанилүү эмгектер жарыкка чыкты: СССР ИАНЫН алдындагы өндүргүч күчтөрдүн жайгаштыруу советинин (СОПС) экспедиц. эмгектери, атайын карталар, жалпы, региондун атластар ж. б. 20-к-да А-нын чет өлкөлүк бөлүгүндө да ири изилдөөлөр жүргүзүлдү.

Калкы. А-нын калкы 2 млрд-га жакын (1969), дүйнө элинин 59,0%ин түзөт. 1950-67-ж-да өсүш 630 млн. болгон. Антропологиялык составы. Жогорку палеолиттин ж-а мезолиттин мезгилинде эле А-нын көпчүлүк бөлүгүндө калк отурукташа баштап, кийин Америка, Австралия, Океанияга чейин тараган. А-лыктар үч расага бөлүнгөн: европеоиддер (түш.-бат. ж-а бат. райондордо), монголоиддер (Борб. ж-а Чыг. А-да), австралоиддер (түш.-чыг. райондо). Азыркы калкы бир нече расадан турат, бирок анын басымдуу көпчүлүгү монголоид расасынын үч тобуна кирет: түндүк (Сибирь ж-а Түн.-Чыг. Кытайдын бир бөлүгү), чыгыш (монголдор) ж-а Түн. Кытай. Европеоид расасына алдыңкы А-нын, Түн. Индия, О. Азиянын (тажиктер) элдери, Австралия расасына ар кайсы райондордо жашашкан аз сандаган группалар кирет. Түш. Индиядагы дравид ж-а европеоиддер м-н монголоиддердин ортосунан чыккан улуттар (Бат. Сибирь ойдуңу, Түш. Урал, Алтай, Казакстан, О Азия, Түн. Индия элдери) кирет. Калктын жайгашышы. А-да калктын жайгашышы бирдей эмес. Мис, Японияда калк өтө жыш отурукташкан (1 км2 жерге 273). Ливанда -240, Кореяда — 18S, Шри Ланкада — 172, Индияда 155 киши туура келет. Ал эми Борб., Алдыңкы ж-а Түн. А-да калк өтө сейрек (МЭРде калктын жышт. 1 км2 ге 0,7, Араб ж. а-да 1-5 киши туура келет). Шаар калкы 28% түзөт. А. б-ча 1 км2 жердеги калктын орточо жышт. 46 киши.

Саясий бөлүнүшү. А-нын терр-ясынын !/3 йен ашыгы СССРдин составына кирет, чет өлкөлүк А. бир нече геогр. топторго бөлүнөт. Бат. А. тобуна Турция, Иран, Афганистан, Сирия Араб Респ-касы, Ливан, Ирак, Кувейт, Сауд Аравиясы, Йемен Араб Респ-касы ж. б.; Жакынкы ж-а О. Чыгыш А. өлкөлөрүнө Индия, Пакистан, Бангладеш, Щри Ланка, Непал; Түш. А-га Бирма, Таиланд, Лаос, Кампучия, Вьетнам, Малайзия, Сингапур, Индонезия ж-а Филиппин; Түш.-Чыг. А-га Кытай, Корей Элдик Демокр. Респ-касы (КЭДР), Түш. Корея, Япония; ал эми Борб. А-га Монголия, Кытайдын бир бөлүгү кирет. Улуу Окт. рев-ясынан ж-а 2-дүйнөлүк согуштан кийин А-нын саясий картасы (к. таблица) өзгөрдү. Соц. системага Монголия (МЭР, 1921), Вьетнам (ВДР, 1945), Корея (КЭДР, 1948), Кытай (КЭР, 1949) мамл-тери кирди. Индия, Пакистан, Шри Ланка Иордания, Кипр, Малайзия, Сингапур, Йемен, Йемен Элдик Демокр. Респкасы, Индонезия, Сирия, Ливан, Лаос ж-а Кампучия өз алдынча суверендүү өлкөлөргө айланды. АКШ Тайвань [1950 (КЭР)] ж-а Окинава а-дарын [1951 (Япония)], Израиль Иордания м-н Египет Араб Респ-касынын бир бөлүгүн (1967) басып алган.

Ад.: Зарубежная Азия. Физическая география, М., 1956; Физическая география частей света, М., 1963; Власова Т. В., Физическая география частей света, 2 изд., М., 1966; Суслов С. П., Физическая география СССР. Азиатская часть, 2 изд., М., 1954; Си ни ц ын В. М., Палеогеография Азии, М.-Л., 1962; Тектоника Евразии, масштаб 1 : 5 000 000, под ред. А. Л. Яншина, М., 1966; Алисов Б. П., Климаты СССР, М., 1956; Витвицкий Г. Н., Климаты зарубежной Азии, М., 1960; Павлов Н. В., Ботаническая география зарубежных стран, ч. 1-2, М., 1965; География и классификация почв Азии (сб. ст.), М., 1965; Магидович И. П., Очерки по истории географических открытий, М., 1967; Население земного шара. Справочник по странам, М., 1965.

Author: 123

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *