АЗИЯ ЖАНА АФРИКА

АЗИЯ ЖАНА АФРИКА ӨЛКӨЛӨРҮНӨ ТИЛЕКТЕШТИКТИН КЫРГЫЗСТАН РЕСПУБЛИКАЛЫК КОМИТЕТИ Фрунзеде 1961-ж. 3-мартта а. ч. машиналарын куруучу з-ддун, Кырг. ССР ИАнын ж-а «Билим» коомунун, Аламүдүн р-нундагы Ленин атн. к-здун, Кыргызстан профсоюздар советинин ж. б. демилгеси б-ча түзүлгөн. Жогорку органы — 3 же 5 жылда бир чакырылуучу конференция. Мында комитеттин президиумунун составы, анын председатели ж-а жооптуу секретары шайланат. Конференциялар ортосунда пленум, активдин жыйналыштары өткөрүлөт. Күндөлүк ишти Президиум алып барат. 1961- 1974-ж. 3 конференция өткөрүлдү. Комитеттин кийинки шайланган мүчөсү 49 киши. Комитеттин негизги милдети — улуттук боштондук, көз каранды эместик, тынчтык, куралсыздануу үчүн, колониализмге, империализмге, согушка каршы күрөшүп жаткан Азия ж-а Африка элдерине колдоо көрсөтүү, алар м-н достукту, тилектештик™, маданий байланыштарды күчөтүү.

АЗИЯ ЖАНА АФРИКА ӨЛКӨЛӨРҮНӨ ТИЛЕКТЕШТИКТИН СОВЕТТИК КОМИТЕТИ 1956-ж. майда советтик бир катар эл аралык ж-а союздук, коомдук уюмдардын, ири ишканалардын, мекемелердин демилгеси б-ча уюштурулган. Жогорку органы — комитеттин конференциясы. 1-конференциясы 1960-ж. октябрда Дүйшөмбүдө (Тажикстан), 2-си 1964-ж. майда Бакуда (Азербайжан), 3-сү 1970-ж. январда Москвада өткөрүлгөн. Штаб-үйү Москвада. Конференциялар аралыгындагы мезгилде комитеттин пленуму ж-а Президиуму иш жүргүзөт. Дайыма иш жүргүзүүчү органы — туруктуу секретариат, аны жооптуу секретарь башкарат. Комитеттин саясий, коомдук, мамл., маданий, илимий тармактардагы көрүнүктүү ишмерлерден турган ЗОО мүчөсү бар. Максаты — империализмге, колониализмге, неоколониализмге каршы демокр., прогрессивдүү афроазиялык тилектештик кыймылын ар тараптан өнүктүрүүгө, эки континенттин өлкөлөрүнүн эл аралык жумушчу кыймылы м-н кызматташтыгын, байланышын чыңдоого, көз каранды эмес өнүгүү жолуна түшкөн өлкөлөрдү СССРдеги социалдык, экон.-маданий курулуштун тажрыйбасы м-н кеңири тааныштырууга көмөк көрсөтүү. СССРде Азия ж-а Африка өлкөлөрүнө тилектештиктин Казакстан, Өзбекстан, Грузия, Азербайжан, Кыргызстан, Түркмөнстан, Армения, Тажикстан Респкалык комитеттери түзүлгөн.

АЗИЯ ЖАНА АФРИКА ӨЛКӨЛӨРҮНҮН ЖАЗУУЧУЛАРЫ МЕНЕН БАЙЛАНЫШ БОЮНЧА СОВЕТТИК КОМИТЕТ — эки континенттеги өлкөлөрдүн жазуучулар ассоциациясы м-н байланыш үчүн СССРде түзүлгөн орган. Бул Азия ж-а Африка өлкөлөрүндөгү прогрессчил жазуучулардын Ташкен конференциясынан мурун СССР жазуучулар союзу тарабынан уюшулган. Негизги милдети — Азия ж-а Африка өлкөлөрүнүн жазуучуларынын ассоциациясынын аткомуна ж-а туруктуу бюросуна сов. жазуучулардын сунуштарын, каалоолорун билдирип, аларда коюлган маселелерди СССР жазуучулар союзуна баяндап турат. Комитет эки континенттеги прогрессчил жазуучулардын кезектеги конференцияларына даярдык жүргүзүп, делегаттарды шайлайт. Комитеттин председатели — өзбек жазуучусу Камил Яшен. 1969-ж. Кыргызстан жазуучулар союзунун алдында Азия ж-а Африка өлкөлөрүнүн жазуучулары м-н байланыш б-ча Кыргызстан комитети түзүлдү. Бул респ-калык комитеттин составына 31 жазуучу кирет, анын бюросу 9 кишиден (Т. Абдумомунов, Ч. Айтматов, К. Акаев, С Жусуев, Ж. Мавлянов, К. Маликов, Т. Сыдыкбеков, А. Токомбаев, Т. Үмөталиев) турат.

АЗИЯ ЖАНА АФРИКА ӨЛКӨЛӨРҮНҮН ЖАЗУУЧУЛАРЫНЫН АССОЦИАЦИЯСЫ — эки континенттеги элдердин прогрессчил жазуучуларынын биргелешкен союзу. 1958-ж. октябрда Ташкенде 1-конференциясы өткөн. Бул — Чыг. элдеринин империализмге ж-а неоколониализмге каршы күрөшүп күчөтүү, эки континенттеги өлкөлөрдүн маданиятын өнүктүрүү зарылдыгынан келип чыккан форум. 1967-ж. Бейрутта өткөрүлгөн 3-конференциясында бытыранды ар түрдүү майда федерациялар баш кошуп, «Азия жана Африка өлкөлөрүнүн жазуучуларынын ассоциациясы» деп кайра уюштурулган. Ассоциациянын аткому ж-а Каирде иштеген туруктуу бюросу — анын башкаруу органы. Ассоциация бир нече тилде «Лотос» деген журналды чыгарат, анын жыл сайын ыйгарылчу адабий сыйлыгы бар.

АЗИЯ ЖАНА АФРИКА ӨЛКӨЛӨРҮНҮН ЖАЗУУЧУЛАРЫНЫН КОНФЕРЕНЦИЯЛАРЫ. 1-конференцияны 1958-ж. октябрда Ташкенде эки континенттеги жазуучулардын өкүлдөрү өткөргөн. Ал Делидө 1956-ж. болгон Азиянын 17 өлкөсүнүн жазуучуларынын жолугушуусундагы сунуш б-ча чакырылган. Буга Азия м-н Африканын 37 өлкөсүнөн 204 делегат ж-а Европа м-н Американын 13 өлкөсүнөн 22 мейман катышкан. Алкактын ичинде кыса кармашкан колдордун сүрөтү (элдердин биримдигинин символу) конференциянын эмблемасы болгон. Эл аралык бул форумда эки континенттеги жазуучулардын өкүлдөрү тынчтык ж-а улуттук көз каранды эместик үчүн, тилектештик м-н прогресс үчүн, империализмге ж-а неоколониализмге каршы күрөштөгү адабий күчтөрдүн ролу ж-а милдеттери ж-дө пикир алышкан. Натыйжада колониялык эзүүдөн жаңы эле кутулган элдердин маданияты «Батыштын камкордугу болбосо, азыркы күндөгү цивилизациянын деңгээлине жете албайт» деген бурж «жобого» сокку урулду. Конференция бүткүл дүйнө жазуучуларына карата үндөө ж-а «Азия м-н Африка өлкөлөрүнүн жазуучулар ассоциациясынын турактуу Бюросун түзүү жөнүндө» чечим кабыл алды. Мунун негизинде уюшулган Бюро Каирде иштейт. Бюронун ген. секретарлыгына жазуучу Юсеф эль-Сибаи шайланган. Бул форумдун мааниси — эки континенттеги өлкөлөрдүн жазуучуларынын саясий ж-а маданий маселелер б-ча тилектештик м-н кызматташтыгыя чыңоого негиз салынгандыгында. Ушул орчундуу аракет Азия ж-а Африка өлкөлөрүндөгү прогрессивдүү жазуучулардын 2-(1962, Каир) ж-а 3-конференциясында (1967, Бейрут) улантылып, жаңы ийгиликтерге жетишти. 4конференция 1970-ж. ноябрда Делиде өттү. 5-конференциясы 1973-ж. сентябрда Алматыда болду. Жазуучулардын Ташкен конференциясына Кыргызстандын делегаттары да катышкан.

АЗИЯ ЖАНА АФРИКА ӨЛКӨЛӨРҮНҮН ЖАЗУУЧУЛАРЫНЫН СИМПОЗИУМУ — 1968-ж. сентябрда Ташкенде өткөн эл. аралык форум. Симпозиум эки континенттеги өлкөлөрдүн жазуучуларынын туңгуч конференциясынын 10 жылдыгына байланыштуу уюштурулуп, «Адабият жана бүгүнкү күндөгү дүйнө» деген темада өткөн. Жазуучулардын чыгармачылык байланыштарын ж-а ынтымактуулугун чыңдоого айрыкча көңүл бөлүнүп, «Достук, тилектештик жана прогресс үчүн!» деген ураан коюлган. Форум империализмге, неоколониализмге каршы, социалдык прогресс ж-а улуттук маданияттардын өнүгүшү үчүн күрөшкө белсенген жазуучулардын чыгармачылык ишинде маанилүү этап болду. Симпозиумда Азия ж-а Африка өлкөлөрүндөгү элдердин эзелтен берки маданиятынын улуттук салттарын сактоо м-н азыркы доордогу цивилизациянын деңгээлине жеткирүү өзгөчө белгиленди. Симпозиум амер., израилдик башкаруучу чөйрөлөрдүн Түш. Вьетнамдагы, Ж. Чы~ гыштагы баскынчылык аракеттерин бир добуштан айыптап, Түш. Африка м-н Родезиядагы расалык куугунтуктоолорду токтотууну талап кылды. Форум империализмден ж-а колониализм эзүүсүнөн элдерди куткаруу үчүн күрөшкө прогрессчил адабий күчтөрдү мобилизаңиялоодо зор роль ойноду. Симпозиумга Кыргызстандан А. Токомбаев, Ч. Айтматов, Т. Абдумомунов ж. б. катышкан.

АЗИЯ ЖАНА АФРИКА ЭЛДЕРИНИН ТИЛЕКТЕШТИК УЮМУ (ОСНАА) — империализмге, колониализм м-н неоколониализмге каршы күрөштө ж-а экон., социалдык, маданий жактан өнүгүү үчүн күрөштө Азия м-н Африка элдеринин аракеттерин бириктирүү ж-а координациялоо максатын көздөгөн уюм. 1957-ж-дын аягында Каирдө өткөн 1-конференциясында . негизделген, 2-конференциясында

(I960) уюмдун уставы кабыл алынган. ОСНААга уюмдун максаты м-н милдеттерин колдой турган улуттук комитеттер, коомдук-саясий уюмдар мүчө боло алат. 1972-ж-дын аягында буга 80 ден ашык уюм бириккен. Жогорку органы — конференция. Анда уюмдун жетекчи органы — Аткаруу комитети (32 уюмдун

өкүлдөрүнөн) ж-а иш жүргүзүү аппараты — Туруктуу секретариат (14 уюмдун өкүлдөрүнөн) шайланат, жаңы мүчөлөр кабыл алынат ж. б уюм үчүн маанилүү маселелер каралат. Туруктуу секретариатты ген. секретарь башкарат, анын штаб-үйү Каирде (ЕАР). 1957-74ж-да бул уюмдун 5 конференциясы, Аткаруу комитетинин 11 сессиясы өткөрүлгөн.

«АЗИЯ И АФРИКА СЕГОДНЯ» — СССР ИАнын Чыгыш таануу ин-тунун ж-а СССР ИА Африка элдери ин-тунун ай сайын чыгуучу илимий ж-а коомдук саясий журналы. 1957ж-дын июлунан тартып (1961-ж-дын мартына чейин «Современный Восток» деген ат м-н) Москвадан чыгат. Азия ж-а Африка өлкөлөрүнүн ички ж-а эл аралык проблемаларына арналган материалдарды жарыялап турат. Журнал Азия ж-а Африка өлкөлөрүнүн көркөм адабияты ж-а исквосу, маданий ж-а илимий турмушу м-н тааныштырат.

АЗИЯ ЧЕГИРТКЕСИ (Gocusta migratorio Z) — курт-кумурскалар классындагы түз канаттуулар түркүмүндөгү чергитке. Түсү жалтырак. Денесинин уз. 11-38 мм. Канаттарынын түсү каралжын көп чекиттүү. Ооз органдары кемирүүгө ылайык келип, алдыңкы буту узун. Личинкалары сары же кара түстө. А. ч. бардык маданий өсүмдүктөргө, айрыкча дан өсүмдүктөрүн© зыян келтирет, анын личинкалары м-н чоңдорун кара чыйырчыктар кырал\

АЗИЯ ЭЛДЕРИНИН ИНСТИТУТУ (АЭИ) СССР ИАнын (1960-ж-га чейин Ч ы г. таануу институту) — Чыг. өлкөлөрүнүн тарыхын, экономикасын, адабиятын, тилин изилдей турган илимий мекеме; 1930-ж. октябрда Ленинградда түзүлгөн. 1950ж-дан тартып АЭИ Москвага көчүрүлүп келген. АЭИде Чыг. өлкөлөрүнүн байыркы ж-а о. кылымдагы, жаңы ж-а соңку жаңы тарыхы изилденип, экономикасынын, адабиятынын ж-а тилинин эң маанилүү маселелери иштелип чыгат; Азия элдеринин улуттук-боштондук күрөшүн, элдик демокр. өлкөлөрдө соң. курулуштун тажрыйбаларын изилдөөгө, Чыг. элдеринин жазма эстеликтерин жарыялоого көп көңүл бурулат.

Author: 123

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *