АЗИРЕЙИЛ

АЗИРЕЙИЛ- ислам дининдеги негизги төрт периштенин бири. А. кудайдын буйругу м-н адамдардын жанын алат имиш. Мусулмандардын А. ж-дөгү түшүнүгү байыркы замандагы бутпарастык, арабдардын башка диний ишенимдеринде кеңири таралган каардуу, коркунучтуу духтар ж-дөгү кыялый ойлордун монотеисттик диндеш көрүнүшү. А. ж-дөгү түшүнүктөр иудей ж-а христиан дининин үрп-адаттарынын таасиринде пайда болгон. Христиан дининдеги 4 негизги периште — Жебирейил, Азирейил, Микоил, Исрофил наамы м-н исламга өткөн. Булар куранда алланын негизги периштелери деп аталган. Аларга түрдүү милдеттер тапшырылган: А.- жан алгыч, Жебирейил — кабарчы, Микоил — ааламды башкаруучу, Исрофил — акыреттеги керней-сурнай тартуучу. Ил. атеизм ар кандай табигый күчтөргө, асыресе А-ге болгон ишенимдин негизсиз экендигин толук далилдеп, аны чечкиндүү түрдө четке кагат.