АЗИМОВ Розу

0700949180
номурга
50 бирдик.

Гезит, Китептерди тоолугу менен окуйм десен

Орусия, Казакстандагылар үчүн
QIWI-кошелек биерде

Квитанцияны жана атыңы
Ватсапка жаз

АЗИМОВ Розу (1925-ж. т., Ош обл., Сузак р-ну, Кызыл-Мехнат кыш.) — Сов. Союз. Баатыры (1944). 1945-ждан КПССтин мүчөсү. Ташкендеги пехоталык окуу жайынан Белоруссия фронтуна жөнөтүлгөн. 1944-ж. 23июнда нем.-фаш. армиянын Витебск багытындагы коргонуу линиясын түн.-батышынан бузуп өтүүдө жолдошторун эр жүрөктүүлүк м-н чабуулга баштап барган. Ал баштаган жоокерлер 1944-ж. 25-июнда Бат. Двина д-нан биринчилерден болуп өтүп, Витебскинин түштүгүнөн чабуул коюп бараткан З-Белоруссия фронтунун жоокерлери м-н жолугушкан. Ошондо душман аскерлерин курчоого алып ж-а талкалоодо эрдик көрсөткөндүгү үчүн А-го Сов. Союз. Баатыры наамы берилген. АЗИМУТ (ар. ас-сумут — жол, багыт) — байкоо чекитинин меридиан тегиздиги м-н ошол чекит ж-а байкалып жаткан пункт аркылуу өткөн тик тешздиктин аралыгындагы ,бурч (к. сүрөт). Эгер ал геогр. меридиандан эсептөлсе — чыныгы же астрон., ал эми магниттик меридиандан эсептөлсе, магниттик А. деп. аталат. А. саат жебесинин айлануу багыты б-ча 0° тан 360° ка чейин эсептелет (астрономияда түштүктөн батышка, геодезияда түндүктөн чыгышка карай). А. бурч өлчөгүч аспаптар (теодолит, компас ж. б.) м-н өлчөнөт.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *