АЗИМОВ Пигам

АЗИМОВ Пигам (1915-ж. т.) — түркмөн совет тилчиси, Түркм. ССР ИАнын академиги (1951) ж-а президенти (1966), 1939-ж-дан КПССтин мүчөсү. А.- түркмөн тилинин грамматикасы, лексикасы, орфографиясы ж-а түркмөн адабий тили б-ча изилдөөлөрдүн, жогорку окуу жайлары м-н мектептер үчүн окуу китептеринин автору. Түркмөнстан КП БКнын мүчөсү, Түркм. ССР Жогорку Советинин (2-3-4-5-7-шайланышынын) депутаты. Ленин ордени ж. б. ордендер м-н сыйланган.