АЗЕРБАЙЖАН СОВЕТТИК СОЦИАЛИСТТИК РЕСПУБЛИКАСЫ

0700949180
номурга
50 бирдик.

Гезит, Китептерди тоолугу менен окуйм десен

Орусия, Казакстандагылар үчүн
QIWI-кошелек биерде

Квитанцияны жана атыңы
Ватсапка жаз

АЗЕРБАЙЖАН СОВЕТТИК СОЦИАЛИСТТИК РЕСПУБЛИКАСЫ, А з ербайжан. Азерб. ССРи 1920ж. 28-апрелде түзүлгөн. 1922-ж-дын 12-мартынан 1936ж-дын 5-декабрына чейин Закавказье федерациясынын составында болуп, 1936-ж. өз алдынча СССРге кирген. Закавказьенин түш.-чыг. бөлүгүндө жайгашкан. Тундүгүнөн РСФСР (Дагстан АССРи), түн.-батышынан ГССРи, түш.-батышынан Арм. ССРи ж-а Турция, түштүгүнөн Иран м-н чектешет. Чыгышынан Каспий деңизи чулгап турат. Каспий деңизинин майда аралдарын кошкондо, аянты 86,8 миң км2. Калкы 5514 миң (1974). Борбору — Баку. Азерб. ССРинин составына Нахичевань АССРи ж-а Тоолуу Карабах АО кирет. Республикада 61 район, 59 шаар (1913-ж. 13 шаар болгон), 121 шаар тибиндеги посёлок бар.

Мамлекеттик түзүлүшү. Азерб. ССРи — жумушчулар м-н дыйкандардын социалисттик мамлекети, СССРдин составындагы союздук советтик социалисттик республика. Азерб. ССРинин Конституциясы 1937-ж. 14-мартта Советтердин Бүткүл азерб. чукул чакырылган 9-съездинде кабыл алынган. А. ССРинин Жогорку Совети -мамл. бийликтин жогорку органы, 12,5 миң кишиден 1 депутат эсебинде 4 жылга шайланат. Жогорку Советтин сессияларынын аралыгында мамл. бийликтин жогорку органы-Азерб. ССРинин Жогорку Советинин Президиуму. Жогорку Совет республиканын өкмөтү — Министрлер Советин түзөт ж-а Азерб. ССРинин закондорун кабыл алат. Райондук, шаардык, поселоктук, селолук ж-а Тоолуу Карабах АОдо бийлик органдары -2 жылга шайлануучу эмгекчилер депутаттарынын жерг. советтери. Соттун жогорку органы — Азерб. ССРинин Жогорку соту, ал республиканын Жогорку Совети тарабынан 5 жылга шайланат. Азерб. ССРинин прокурорун СССРдин Ген. прокурору 5 жылга дайындайт.

Табияты. А. негизинен Чоң ж-а Кичи Кавказ, Талыт тоолорунун ортосундагы ойдуцдан орун алган. Апшерон, Кура, Сара сыяктуу ири ж. а-дары ж-а Киров (Кызылагач), Баку бухталары бар. Территориясынын у2 бөлүгүнө жакыны тоолуу. Түндүгүндө Чоң Кавказ, түштүгүндө Кичи Кавказ тоолору ж-а алардын ортосунда Кура ойдуңу жатат. Түш. чыгышынан Талыш тоолору, түштүгүнөн Орто Аракс ойдуңу, Айоцдзор ж-а Зангезур тоо кыркапары курчап жатат. Чоң Кавказдын борб. бөлүгүнүн рельефи нивалдуу-мөңгүлүү келип, орто бийиктиктеги тоолор, терең дарыя өрөөндөрү м-н тилмеленген. Бабадаг (3629 м) тоосунан чыгышты көздөй Чоң Кавказ тоолору кескин эңкейиштен, бөксө тоолорго айланат. Чоң Кавказдын түн. тарабында Кусар жантайыңкы түздүгү жайгашкан, ал чыгышты карай Самур-Дивичи ойдуңуна өтөт. Кичи Кавказдын ички бөлүгүндөгү Карабах бөксө тоосуна өчкөн жанар тоонун конустары ж-а лавалуу платолор мүнөздүү. Эрозиялык-тектоникалык орто бийиктиктеги Талыш тоолору бийикт. 2477 м келген 3 кырка тоодон турат. Нахичевань АССРинин рельефи Аракс түздүгү ж-а Айоцдзор, Зангезур (3904 м) тоо кыркаларынан турат. Кичи Кавказдын эң бийик тоолорунда (Зангезур, Муравдаг ж. б.) байыркы муз доорунун рельефинин калдыктары сакталып калган.

А-дын аймагы негизинен юра, бор, палеоген, неоген, антропоген мезгилдеринде пайда болгон чөкмө тоо тектеринен турат. Тоо этектеринде жанар тоо, интрузия тоо тектери ж-а терриген чөкмөлөрү да жолугат. Республиканын борб. бөлүгүндөгү ойдуңда неоген-антропогенде пайда болгон моласстардын калың катмарлары кезигет. А-да пайдалуу кендер көп. Апшерон ж. а., Апшерон, Баку архипелагдары, Кура ойдуңу нефть ж-а газга бай. Темир (Дашкесан), полиметалл, алунит (Заглик), молибден, таш туз (Нахичевань АССРи, Апшерон), йод, бром кендери казылып алынат. Минералдуу суулар (Бадамлы, Джульфин, Турису, Истису, Сурахан), дарылык касиети бар баткак (Баку, Кельаджар, Ленкоран, Куба) ж-а дарылоочу нефть (Нафталан) кендери бар.

А. негизинен субтропиктик алкакта жайгашкан, бирок климаты ар түрдүү (кургак ж-а нымдуу субтропиктик, континенттик, тоо-тундралуу). Абанын темп-расы: июлдуку өрөөндөрүндө 25-27°С, бийик тоолордо 5°С, январда 0 дөн 3°С ге чейин, тоолуу р-ндордо -3-10°С, темп-ранын аба максимуму 40,43°С, абс. минимум — 30°С. Жылдык жаан-чачын ойдуңдарда 200-ЗОО мм, тоо этектери м-н жапыз тоолордо 300-900 мм. Ленкоран ойдуңунда 1200-1400 мм ге (кээде 1700-1800 мм) жетет. А-да 1250 ге жакын суу бар. Кавказдагы эң ири дарыя — Кура А-дын түн.-батышынан түш.-чыгышын көздөй агып. Каспий деңизине куят. А. сууларынын көпчүлүгү Кура д-нын алабына кирет. Чоң Кавказ тоолорунун түш.-чыг. капталдарьшан Белоканчай, Мухахчай, Талачай, Курмухчай сыяктуу д-лар башталат. Кичи Кавказдың түш.-чыгышындагы бийик тоолордон Куранын оң куймалары: Шамхорчай, Акстафа, Гянджачай, Тертөр ж-а Аракстынсол куймасы Акера агып чыгат. Дарыялар түздүккө чыккандан кийин сугатка пайдаланылат. Курада Мингечаур ГЭСи ж-а суу сактагыч (аянты 605 км2, суусунун көлөмү 16 млн. км3) курулган. Кура д-нын төмөнкү агымында кеме жүрөт. Республикада 250 көл бар. Ирилери: Гаджикабул (15,5 км2), Беюкшор (10,3 км2), Муравда тоосунда Кавказдагы эң кооз көлдөрдүн бири — Гейкөл жайгашкан. А-дын түздүктөрү боз ж-а шор топурактуу. Мында шыбак, бетеге ж-а эфемерлер өсөт. Тоо этектери, негизинен, бозкүрөң топурактуу. Тоолуу-токой алкак күрөң түстүү ж-а кара топурактуу келип, мында жазы жалбырактуу эмен, граб, бук жыгачтары, ал эми Талыш тоо этектеринде каштан эмени, курма, катраңкы ж. б. өсөт. 2200- 2500 м бийиктикте альпы шалбаасы, субальпы өсүмдүктөрү өсөт. А-да жаныбарлардын 12 миңдей түрү кездешет. Чөл ж-а жарым чөлдөрдө сойлоочулар, кемирүүчүлөр, талааларда жейрен ж. б., камыштуу жерлерде каман, енот сымал ит, тоолордо кабылан, аюу, тоо эчки ж. б, бар. Каспий деңизи м-н Кура д-сы балыкка (лосось, осетр, севрюга, белуга ж. б.) бай. Калкы. Республиканын негизги калкы- азербайжандар (73,8%, 1970). Алардан башка орус, армян, авар, лезгин, цахур, тат, удин, курд ж. б. улуттар жашайт. Калктын орточо жышт. 1 км2 ге 62,6 киши (1973). Шаар калкы 51%ти (1973) түзөт. Ири шаарлар: Баку (1314 миң), Кировабад, Сумгаит, Мингечаур, Али-Байрамлы, Степанакерт, Дашкесан, Нахичевань.

Тарыхый очерки. Азыркы А-дын терр-ясында алгачкы адамдар палеолит доорунда жашашкан. Муну Авейдагдан (Казах р-ну), Азых үңкүрүнөн (Гидруш р-ну) табылган таш куралдар далилдейт. Алгачкы коомдо А-да жашаган адамдар 1-жолу металлдан эмгек куралдарын жасоону неолит доорунда үйрөнүшкөн. Убакыттын өтүшү м-н металлдардан, айрыкча темирден курал жасоонун күчөшү ж-а жакшыртылышы, алардын чарбада кеңири колдонулушу коомдук өндүрүштө сапаттык өзгөрүшкө — алгачкы коомдун бузулушуна алып келди. Бул жеке менчиктии өнүгүшүн шарттал, таптын, мамлекеттин пайда болушуна өбөлгө түзгөн. Б. з. ч. 9-к-да пайда болгон Man мамл-де чарба ж-а маданият бир кыйла дурус өнүккөн, ал узак убактарга дейре Ассириянын, Урартунун кол салууларына туруштук берип келсе да, акырындык м-н өзүнүн маанисин жоготот. Б. з. ч. 7-к-да түзүлгөн Мидин мамл-и падыша Киаксардын тушунда Байыркы Чыгыштагы зор империялардын бирине айланат да, Ман анын составына кирип, негизги маданий борбор болот. Б. з. ч. 6-к-дын ортосунда Индияны Персия басып алып, Ахемени династиясы орнойт. Жерг. калк чет элдик эзүүлөргө каршы бир нече жолу көтөрүлүш чыгарат. Ахеменилерди Македонскийдин аскерлери талкалагандан кийин (б. з. ч. 4-к-дын аягы), Атропатена мамл-и түзүлүп, анда дыйканчылык, мал чарбасы ж-а кол өнөрчүлүк жакшы өнүккөн. Б. з. башталышында А-дын терр-ясында ж-а Түш. Дагстанда Албания (Кавказдагы) мамл-ти пайда болгон. Бул мамлекеттер А-дын аймагындагы урууларды бириктирүүдө чоң роль. ойногон. 3-5-к-да А-да феод. мамилелер түзүлө баштайт: феод. коомдун негизги таптары феод. ж-а көз каранды дыйкандар пайда болот. А. көп жолу чет элдик баскынчылардын жортуулдарына дуушар болгон. 3-к-дын ортосунда аны Сасанилер, 7-к-да Араб халифатынын аскерлери басып алган. Халифаттар элди зордук м-н ислам динине киргизип, салык төлөөнү көбейткөн. Басып алуучулардын ж-а алар м-н биригип кеткен жерг. ири феодалдардын зомбулугу ал массасынын нааразылыгын күчөтөт, кош эзүүгө каршы Бабектия жетекчилиги астында дыйкандардын көтөрүлүшү чыгып, ал Араб халифатынын А-дагы бийлигин бошоңдоткон. 11-к-дын ортосунда Селъджуктар династиясы башында турган түрк уруулары (огуздар ж. б.) А-га чабуул жасап, чарбасын бүлүнтпөй, кийин Сельджуктардын бийлиги начарлаганда гана (12-к.), Ширваншахтардын, Кесранилердин, Ильдегиздердин мамл-тери күчөп, чарбачылыгы, соодасы, кол өнөрчүлүгу өнүккөн. Түрк урууларынын тарыхый узак мезгилдер бою А-га келип отурукташып, ал жердеги калк м-н аралашуусунун натыйжасында байыркы жерг. тилдер колдонуудан чыгат да, түрк тили (11-13-к.) элдин тили болуп калат. Мына ушул убактарда А. эли да түзүлгөн. 13-к-да А-га монголдор басып кирип, сооданын, кол өнөрчүлүктүн борбору болгон шаарларды кыйратып, бүткүл өлкөнү бүлүндүрет. 14-15-к-да Ширваншахтардын мамлнин күч-кубаты өсүп, 15-к-да Кара-Коюнлу ж-а Ап-Каюнлу деген жаңы мамл-тер пайда болот. А-дын тарыхында 16-к-дын башында түзүлгөн Сефеви мамл-и маанилүү роль ойноду. Бүткүл А-дын Сефеви мамлне кирип биригиши өлкөнүн чарбасынын ж-а маданий турмушунун өнүгүшүнө шарт түзгөн, элдин чет жердик басып алуучуларга каршы күрөшүнө мүмкүнчүлүк берет. Бирок бул узакка созулбады, Сефеви м-н Турциянын согушу, феод. ички чырчатактары өлкөнү начарлантты. Иран ж-а Турция тараптан дайыма болуп турган коркунучту жакшы түшүнгөн, эл массасынын максатын байкаган мамл. айрым ишмерлер орустар м-н союз түзүүгө умтулушуп, 1803-05-ж-да Карабах, Шекин, Ганжа хандыктары Россияга кошулду. Түн. А-дын Россияга кошулушу А. элинин тарыхындагы бурулуш учур болду.

Падышачылыктын колониялык саясатына карабастан, бул А-ды сырткы кол салуучулардан, феод. ички өз ара күрөштөрдөн куткарды, алдыңкы орус маданиятынын ж-а рев-ячыл демокр. идеялардын А-дын эмгекчилеринин арасына таркашына жол ачты. 19-к-дын 2-жарымында А-да капитализм өнүгө баштады. А-дын пролетариата! Россиянын жумушчу табынын күчтүү отряддарынын бири катары түзүлүп, рев-ячыл күрөштүн процессинде такшалды. 19-к-дын аягында Баку ири а. ж. борборунун бирине айланып, анда соц. демокр. кружоктор пайда болду. Бакулук с.-д. «Искра» газетасынын редакциясы ж-а В. И. Ленин м-н байланышып турду. 1901-ж. Бакуда «Искранын» тобу уюшулат. 1905-ж. Бакуда жумушчулар депутаттарынын алгачкы Советтери түзүлдү. 1917-ж. Февр. рев-янын жеңишинен кийин Бакуда кош бийлик: буржуазия м-н помещиктердин ж-а Убактылуу өкмөттүн жерг. органы — Коомдук уюмдардын аткому м-н Жумушчу депутаттарынын совети түзүлдү. Улуу Окт. соң. рев-янын жеңишинин натыйжасында 1917-ж. октябрда Бакуда Совет бийлиги жарыяланды. А-да Совет бийлигин чыңдоо үчүн болгон күрөшкө В. И. Ленин башында турган РКП (б) БК м-н Совет өкмөтү чоң жардам көрсөттү. 1918-ж. 25-апрелдө Баку Эл Комиссарлар Совети түзүлүп, ал нефть ө. ж-ын, банкаларды ж-а Каспий соода флотун мамлекеттештирүү, бектердин, хандардын жерлерин коцфискациялап дыйкандарга берүү ш-дө декреттерди кабыл алды.

1918-ж. жайында Закавказьеде абал оордойт. Англ., герм., турциялык интервенттердин кысымынын, дашнактардын, мусаватиеттердин, эсерлердин ж-а меныневиктердин чыккынчылыгынын натыйжасында 1918-ж. 31-июлда А-да Совет бийлиги убактылуу кулады. Болыпевиктердин жетекчилиги астында Совет бийлигин орнотуу үчүн оккупанттарга ж-а мусаватисттерге каршы күрөш күчөдү. 1920-ж. 11-12-февралда Бакуда А-дын Коммунисттик уюм-, дарынын жашыруун 1-съезди болуп, анда Азерб. Коммунисттик (большевиктер) партиясын түзүү ж-дө чечим кабыл алынды. Коммунисттер контррев-ячыл мусаватисттерди бийликтен кулатуу, өлкөдө пролетариаттын диктатурасын орнотуу үчүн эмгекчилердин арасында зор уюштуруу иштерин жүргүзүштү. 28-апрелге караган түнү Бакуда башталган жумушчулардын көтөрүлүшү мусаватисттердин бурж.-помещиктик бийлигин кулатты. Бардык бийлик А. ревкомунун колуна өтүп, ал А-ды Сов. Соц. Респ-ка деп жарыялады. Бакулук жумушчуларга 11-Кызыл Армия жардам берди. 1921-ж. А. Советинин 1-съездинде Респ-канын биринчи Конституциясы кабыл алынды. 1922-ж. 30-декабрда ЗСФСРдин составында СССРге кирди. А-дын составында Тоолу Карабах АОсу (1923) ж-а Нахичевань АССРи (1924) түзүлдү. Соц. курулуштун жылдарында соң. индустриялаштыруу, а. ч-сын коллективдештирүү ж-а маданий рев-янын милдеттери чечилип, А. социализм жолуна өттү. 1935-ж. 15-мартта социализмдин курулушундагы жетишкен ийгиликтери ж-а респканын 15 жылдык юбилейине байланыштуу А. ССРи Ленин ордени м-н сыйланды. 1936-ж. А. союздук респ-ка катарында СССРдин составына кирди. 1937-ж. 14-мартта Азерб. ССРинин жаны Конституциясы кабыл алынды. Улуу Ата Мек. Согуштун (1941-45) жылдарында боордош совет эли м-н бирге немец фашисттерди талкалоого активдүү катышып, миңдеген азербайжандар ордендер ж-а медалдар м-н сыйланды, 100 ден ашыгы Сов. Союз. Баатыры деген наамга татыктуу болушту! Согуш жылдарында Баку өлкөдө өндүрүлгөн нефтинин 70% берди. Баку ш. Сов. куралдуу күчтөрдүн арсеналдарынын бири болду. Согуш жылдарындагы каармандык эмгектери үчүн респ-канын миңдеген жумушчулары, колхозчулары ж-а интеллигенцинын өкүлдөрү Сов. Союз, ордендери ж-а медалдары м-н сыйланыгдты. Согуштан кийинки жылдарда респ-канын экономикасын ж-а маданиятын өнүктүрүүдө эмгекчилер жаны ийгиликтерге жетишишти: Сумгаит, Мингечаур, Дашкесан ж. б.

ири ө. ж. борборлору курулду. Экономика ж-а маданиятты өнүктүрүүдөгү жетишкен зор ийгиликтери үчүн 1964-да. 29-майда Азерб. ССРи 2-жолу Ленин ордени м-н сыйланды. А. эмгекчилеринин рев-ялык кыймылда, Улуу Окт. соц. рев-ясынын жеңиши ж-а соц. мамл-ти чыңдоо үчүн болгон күрөштогү- зор эмгеги үчүн, биздин Родинанын душмандарына каршы күрөштө көрсөткөн каармандыгы ж-а коммунисттик курулуштагы ийгиликтери үчүн Азерб. ССРи 1970-ж. Октябрь Революциясы ордени. СССРдин түзүлгөнүнүн 50 жылдыгына байланыштуу 1972-ж. декабрда Элдердин достугу ордени м-н сыйланды.

Азербайжан коммунисттик партиясы — КПССтин күжүрмөн отряддарынын бири, анын ажырагыс бөлүгү. 1898-ж. сүргүндө жүргөн орус с.-д. Бакуда алдыңкы катардагы жумушчуларды бириктирген маркстик кружокторду негиздешкен. 1900-ж. Бакуда с.-д. кружоктордун жетекчи борбору түзүлдү. 1901-ж. лениндик «Искра» багытындагы биринчи Бакулук с.-д. комитет уюштурулуп, бул кружоктор бириктирилип, бирдиктүү партиялык уюмдарды түзүүгө негиз салды ж-а АКПяин ядросу болуп калды. Бакунун с.-д. уюмдары лениндик «Искранын» позициясына бекем турушуп, РСДРПнин 2-съездин чакыруу үчүн активдүү күрөшүштү. Съездден кийин БК лениндик позицияга өттү. Съезддин чечимдерин жетекчиликке алып, А-дып большевиктер^! эмгекчилерди интерп. духта тарбиялоо жумуштарын кеңири жүргүзүштү. Баку комитети 1905-ж. февралда РСДРПнин 3-съездин чакыруунун зарылдыгы ж-дө резолюция кабыл алды. Бул съездге П. А. Джапаридзе Бакунун большевиктик уюмунан делегат болуп катышты. Революция чегинген шарттарда да пролет. Баку болыпевизмдин тиреги болуп кала берди. Бул күрөшкө М. А. Азизбеков, Г. И. Агасиев, П. А. Джапаридзе, М. С. Ольминский, С М. Эфендиев, Г. К. Орджоникидзе, И. В. Сталин, С С Спандарян, И. Т. Фиолетов, С. Г. Шаумян ш. б. профессионал революционерлер жетекчилик кылышкан. Эмгекчилерди баш коштуруу үчүн Бакунун болыневиктери легалдык ж-а легалдык эмес мүмкүнчүлүктөрдү билгичтик м-н пайдаланышын, жумушчу кыймылындагы буржуазиянын агентурасына-отзовисттерге, ликвидаторлорго каршы күрөш жүргүзүштү. Революциянын жаңыдан жогорулоо ж-а 1-дүйнөлүк согуштун жылдарында А. большевиктери пролет, интернационализмге чыныгы берилгендиктин духунча кала бепди. Алар Бүткүл росс. б-(Прага) конференциясын даярдоого ж-а өткөрүүгө активдүү катышты. 1915-ж. Бакуда Кавказ болыневиктеринин кеңешмеси болуп, анда партиянын Кавбюросу шайланды. А-дын большевиктик уюмдары бурж. ар кандай улутчулдарга — панисламисттерге, нантюркисттерге, мусаватисттерге, дашнактарга каршы чечкиндүү күрөш жүргүзүп, бардык улуттардын эмгекчилерин интернационализмге тарбиялашты. 1917-ж. Февр. рев-ясынын мезгилинде Бакуда РСДРПнин бириккен уюму болуп, ал А-да рев-чыл кыймылдын өсүшүнө тоскоолдук кылган. 1917-ж. 25-июнда (8-июль) болыпевиктердин Жалпы бакулук конференциясы болуп, РСДРП (б) нин Бакулук комитетин шайлады. А-дын большевиктери Убактылуу өкмөттүн элге каршы саясатын, эсерлер м-н меньшевиктердин оппортунизмин, дашнактар м-н мусаватисттердин улутчулдугун ашкерелешти. Петербургда Окт. куралдуу көтөрүлүшү жеңгенден кийин, 1917-ж. 2 (15)-ноябрда Бакуда Совет бийлиги жарыяланды. Эң оор саясий кырдаалдарда А. большевиктери Совет бийлигин чыңдоо үчүн рев-чыл бардык күчтөрдү мобилизациялады. 1918-ж. 25-апрелде Бакунун жалпы партконференциясынын чечими б-ча Баку ЭКСи түзүлдү. 1918-ж. июлда ички контррев-чылар м-н чет өлкөлүк интервенциянын бириккен күчтөрү Бакудагы Совет бийлигин убактылуу жеңилишке учуратты. Партиялык уюм подпольеге өтүп, 1919-ж. кайрадан Бакулук большевиктик уюмдун ядросу түзүлөт. 1920-ж. И-12-февралда Бакуда А-дын коммунисттик уюмдарынын легалдуу эмес 1-съезди болуп, ал А-дагы бүткүл коммунисттик уюмдарды А. Коммунисттер (большевиктер) партиясына [АКП(б)]. бириктирип. Совет бийлиги орногондон кийин, АКП(б) респ-канын эл чарбасын калыбына келтирүү, соң. экономиканын негизин түзүү үчүн эмгекчилердин күрөшүнө жетекчилик кылды. А-да соң. коомду кУРУУДа РКП (б) нин 10-съездинин мурда эзилген элдердин иш жүзүндө теңсиздигин жоюу ж-а жумушчулар м-н дыйкандардын экон. бекем союзун чыңдоо ж-дөгү чечимдери чоң роль ойноду. Коммунисттик партиянын жетекчилиги м-н А. элинин экон., коомдук-саясий ж-а маданий турмушунда улуу өзгөрүштөр болуп, А. формасы улуттук ж-а мазмуну социалисттик жогорку маданияты гүлдөгөн индустр.-колхоздук респ-кага айланды. Улуу Ата Мек. согуштун жылдарында А. коммунисттери душманга сокку берүүгө бардык күч аракеттерди жумшашты. 1941-ж. респканын нефтичилери өлкөгө 23 млн. 541 миң г нефти берди. Согуштун алгачкы жылдарында эле А-дын компартиясынын мүчөлөрүнүн жарымынан көбүрөөгү фронтко кетишип, Ата журттун эркиндиги үчүн баатырдык м-н салгылашышты. Согуштан кийинки жылдарда А. коммунисттери партиялык уюмдардын күжүрмөндүүлүгүн чыңдан, ресц-каиын эл чарбасын, маданиятын андан ары кайра өнүктүрүү үчүн болгон эл массасынын күрөшүнө жетекчилик кылды. А. Компартиясынын катарында (1973-ж. 1-янв.) 259489 мүчөсү ж-а 10256 мүчөлүгүнө кандидаты бар. Партиянын программасын турмушка ашыруу м-н КПССтин 24-съездинин ж-а КПСС БКнын кийинки пленумдарынын чечимдерин жетекчиликке алган А-дын Компартиясы коммунизмдин материалдык-техн. базасын түзүү, коммунисттик коомду куруу үчүн талыкпастан күрөшүп жаткан респ-канын эмгекчилеринин алдында баратат.

Азербайжан Лениндик Коммунисттик Жаштар Союзу — ВЛКСМдин күжүрмөн отряддарынын бири. Окуучу жаштардын туңгуч уюмдары Бакуда,

А-дын башка шаарларында 1903-07ж-да эле пайда болгон. Жаштар уюмун түзүү үчүн РСДРП (б) нин 6-съездинин (1917-ж. авг.) «Жаштар союздары жөнүндө» деген чечиминин зор мааниси болду. 1918-ж. Бакунун ж-а анын райондорунун жумушчу жаштарынын интерн. союзу — А. комсомолунун ядросу түзүлдү. Бул союз Бакуда Совет бийлигин чыңдоо үчүн күрөштө чоң роль ойноду. Анын мүчөлөрү мусаватисттер м-н интервенттердин террорунун шарттарында да өз иш-аракеттерин токтотушкан жок. Жаштар союзунун 1-съездинде (1920-ж. 16-19-июнь) респ-канын комсомол уюмдары А. жаштарынын коммунисттик союзуна бириктирилди. А. комсомол эл чарбасы калыбына келтирүүдө, соң. индустриялаштыруу ж-а а. ч-сын коллективдештирүүдө, маданий рев-яны ишке ашырууда А. партиялык уюмдарынын ишенимдүү жардамчысы болду. Улуу Ата Мек. согуштун жылдарында комсомолдор эрдиктин үлгүлөрүн көрсөтүштү. Согуштун алгачкы эки жылында 104 уюмдун комсомолдору бүтүндөй дээрлик майданга аттанышты. Согуштан кийинки жылдарда А. комсомолу а. ч-сын андан ары өнүктүрүү, социализмди курууну аяктоо ж-а коммунисттик коомду куруу үчүн бүткүл элдик күрөшкө активдүү катышты. А. комсомолунун 560115 мүчөсү (1973-ж. 1-янв.) бар.

Профессионалдык союздары-СССРдин профсоюздарыиын составдуу бөлүгү. Биринчи орус рев-ясынын мезгилинде пролет, кыймылдын кубаттуу өнүгүшү м-н пайда болгон. 1906-ж. октябрдын аягында Бакуда 12 миңден ашык адамды бириктирген 20га жакын профсоюз уюму болгон. 1917-ж. Февр. рев-ясынан кийин профсоюз уюмдары массалык түрдө түзүлө баштады. Совет бийлиги орногон дон кийин, 1920-ж-дын 29-августунан 6-еентябрына чейин Бакуда А. профсоюз уюмдарынын 1-съезди болуп өткөн. Улуу Ата Мек. согуштун жылдарында А. профсоюздары респ-канын эмгекчилерин фронтту күйүүчү материалдар м-н үзгүлтүксүз камсыз кылууга мобилизациялап, согушка керектүү өндүрүштү тезирээк кеңейтүүгө жардам берди. Согуштан кийинки жылдарда А. профсоюздары эл чарбасы м-н маданиятын өнүктүрүугө, бүткүл элдик соц. мелдешти уюштурууга активдүү катышып жатат.

Эл чарбасы. А. — а. ч. өнүккөн индустриялуу респ-ка, СССРдин эл чарбасында нефть, нефтини иштетүү, газ өндүрүү ө. ж. ж-а аларга байланыштуу хим. ө. ж., машина жасоо б-ча белгилүү орунду ээлейт. Жибек, кебезден кездеме токуу, вино чыгаруу ж-а консерва ө. ж. бүткүл союздук мааниге ээ. А. ч-сынан пахта, жашылча, аңчылык, жүзүм, жибек, тамеки, чай ж-а мал чарбачылыгы жакшы өнүккөн.

Ө. ж-нын структурасында оор индустрия басымдуулук кылат. Кара ж-а түстүү металлургия, машина жасоо, курулуш материалдарынын ө. ж-ы тез өнүгүүдө. 1972-ж. 1949^-жылга салыштырганда ө. ж-нын продукциясы 6 эсе өскөн. А.- СССРдеги мурдатан эле белгилүү нефть, газ өндүрүүчү райондордун бири. Нефть негизинен Карадаг-Дуванин, Зыря-Гюргян р-ндорунан өндүрүлөт. Карадаг газы Баку, Сумгаит, Кировабад, Тбилиси, Ереван ш-ларын камсыз кылат. Машина куруу, металл иштетүү ж-а курулуш материалдарын өндүрүү негизинен нефть ж-а газ өндүрүүгө керектүү жабдууларды даярдоого адистештирилген. Химия ө. ж. ар түрдүү буюмдарды (синтетикалык каучук, автомобиль тетиктери, жасалма була, пластмасса, жер семирткичтер ж. б.) өндүрөт. Совет бийлигинин мезгилинде Бакуда электр машиналарын куруу, Кишлинде машина куруу, подшипник, Кировабад м-н Бакуда прибор ж-а радио жасап чыгаруу з-ддору курулган. Баку, Сумгаит, Кировабад, Степанакерт ш-ларында алюминий металлургия ж-а курулуш материалдарын чыгаруучу ө. ж. ишканалары, пахта з-ду, кездеме ж-а жибек токуу комбинаттары бар. Жемиш, консерва, шарап-коньяк ж-а тамеки, балык ө. ж. иштейт. Тоолуу р-ндордо май, сыр ж. б. продукциял арды чыгаруучу ө. ж-лары өнүккөн. Баку, Кировабад ш-ларында эт комбинаттары бар. Электр энергиясын өндүрүү б-ча РСФСР, Украина ж-а Казакстандан кийин 4-орунда.

А-да Совет бийлигинин мезгилинде механизациялаштырылган ири а. ч. пайда болду. А. ч-нын дүң продукциясы 1972-ж. 1913-жылга салыштырганда 4 эседен көп өскөн. А. ч-на жарактуу 4,3 млн га жердин (1971) 1,7 млн-у айдоо, 2,3 млн-у чабынды ж-а жайыт. Жогорку Ширван, Жогорку Карабах ж-а Самур-Апшерон ири каналдары курулган. Респ-када жогорку сапаттагы тамеки (Самсон, Трабзон), чай, пахта өстүрүлөт. Дан эгиндери тоо этектери м-н Муган түздүгүнүн түштүгүндө айдалат. Ленкоран, Шеки-Закаталь р-ндорунда күрүч эгилет. Куба-Хачмас р-ну, Ашперон ж. а., Ленкоран ж-а Кура-Аракс ойдуңдарында багбанчылык, жашылчачылык ж-а жүзүмчүлүк өнүккөн. Куба-Хачмас р-ну, Нахичевань АССРи, Тоолуу Карабах АО, Кура-Аракс ойдуңу, Апшерон ж. а. анар, анжир, бадам өстүрүүгө адистештирилген. А. ч. кирешесинин 25% тин мал чарба продукциясы түзөт. Тоолуу р-ндордо, Нахичевань АССРи м-н Апшерон ж. а-да кой чарбасы өнүккөн.

Транспорту жакшы өнүккөн, жүк ташуунун 62% т. ж. транспортунун үлүшүнө туура келет. Т. ж. тармагынын уз. 1810 км (1971). Деңиз транспортунун да мааниси чоң. Баку — Алят — Сальяны, Евлах — Агдам, Евлах — Кировабад — Казах ж. б. автомобиль жолдору бар. А-ды аба жолу СССРдин ири ө. ж. ж-а экон. борборлору м-н байланыштырып турат. Респ-канын ички аба жолдору да жакшы өнүккөн. Баку-Батуми, АлиБайрамлы — Баку нефть, Карадаг — Акстафа, Карадаг-Сумгаит, Али-Байрамлы — Карадаг газ өткөргүч түтүктөрү курулган.

Саламаттык сактоо. А-дын экономикасы м-н маданиятынын өнүгүшү саламаттык сактоо ишинин өсүшүнө чоң өбөлгө түздү. 1972-ж. ар миң адамга эсептегенде, төрөлгөндөр 25,6, өлгөндөр 6,6 (1913-ж. 25,5); балдардын өлүмү тирүү төрөлгөн ар миң балага 33,8 ди түзгөн. 1972-ж. адамдын орточо өмүрү 72 (1913-ж. 27) жашты түзүп, узак жашоочулардын саны б-ча СССРде 1-орунду ээлеген. А-да безгек, трахома, чечек оорулары жоюлуп, учук м-н тери оорулары жыл сайын кескин азаюуда. 1913-ж. 1,1 миң койкалуу ооруканада 353 врач иштесе, 1973-ж. 51,3 миң койкалуу 738 ооруканада 13,9 миң врач иштеген.

Элге билим берүү, маданий-агартуу мекемелери. А-да биринчи мектептер 5-к-да пайда болгон. 7-к-да арабча мектептер, 10-11-к-да медиреселер түзүлгөн. 19-к-да түн. А. Россияга кошулгандан кийин, башталгыч орус мектептери ачылган. 1914-15-окуу ж-да 943 башталгыч, 18 жогорку, башталгыч, 15 орто мектепте 73 миң бала окуган. Бирок балдардын көпчүлүгүнүн, айрыкча жерг. улуттук балдарынын билим алууга мүмкүнчүлүктөрү болгон эмес. Улуу Окт. рев-ясынан кийин А-да окуу-агартуу маселеси ж-дө декреттер, жоболор кабыл алынып, сабатсыздыкты жоюу чаралары жүргүзүлгөн. Респ-када жалпыга милдеттүү башталгыч, 7 жылдык, 8 жылдык, 10 жылдык билим берүү ишке ашырылган. А-да 1969-ж. мектепке чейинки 1213 мекеме иштеген. 1973-74окуу ж-да жалпы билим берүүчү 4717 мектепте 1608 миң окуучу, 77 атайын орто окуу жайында 70 миң окуучу, 15 жогорку окуу жайында 98 миң студент окуган. А-да 1973-ж. 3244- массалык китепкана, 2521 клуб, 2127 киноустановка, 38 музей, 13 театр болгон.

Илим жана илимий мекемелери.

А-да табигый илимдин өнүгүшү байыркы доорго таандык. 11-13-к-да матем., астрон., мед. ж. б. илим тармактары бир кыйла өнүккөн. 1259-ж. белгилүү астроном ж-а математик Насирэддин Туси Марага обсерваториясын негиздеген. 19-к-дын 2-жарымында негизинен нефть табуу ж-а иштеп чыгуу б-ча илимий изилдөөлөр жүргүзүлгөн. Улуу Окт. соң. ревясынын жеңиши Азербайжанда илимдин өнүгүшүнө кеңири мүмкүнчүлүк түздү: Совет бийлигинин алгачкы жылдарында эле Азерб. мамл. ун-ти иштей баштады. Карамагына 21 институт ж-а илимий мекемелерди бириктирген респ-канын илимий борбору-Азерб. ССР ИАсы түзүлгөн (1945). 1940-ж-да жогорку окуу жайларын кошуп эсептегенде, 70-илимий мекеме м-н уюмдарда 15700 ден ашуун илимий кызматкер иштеген. Аларда 88 академик ж-а мүчө-корр., илимдин 507 доктору, 4515 кандидаты болгон.

Басма сөз, радио угузуу, теле көрсөтүү. Азерб. тилинде мезгилдүү басма сөз 19-к-дын 30-ж-дарында пайда болду. Агартуучу Г. Зардаби чыгарган «Экинчи» («Кошчу», 1875-77) газетасы азерб. демократтык басма сөзүнө негиз салган. 1901-06-ж-да Бакуда партиялык жашыруун «Нина» басмаканасы лениндик «Искра» газетасын ж. б. маркстик адабияттарды басып турган. Совет бийлигинин убагында респ-канын басма сөзү дүркүрөп өстү. Азерб. мамл. «Азернешр» (Азерб. мамл. басмасы), «Маариф» («Агартуу»), «Гянджлика» («Молодость») ж. б. басмалар түзүлдү. 1973-ж. тиражы 12 243 миң нуска 12S3 китеп, брошюра чыгарылды. А-да 1973-ж. тиражы 2422 миң 116 наамдагы газета, тиражы 1712 миң 150 журнал чыгарылган. «Коммунист», «Совет кенди» («Советтик село»), «Азербайжан муаллими», «Азербайжан коммунисти», «Кирпи» ж. б. респ-калык газета-журналдар бар. Бакуда биринчи радио угузуу 1926-ж. башталган. Радио угузуу, теле көрсөтүү азерб., орус, армян тилдеринде берилет. 1956-ж-дан бери «Баку» теле борбору эки программада көрсөтөт. 1959-ж-дан Нахичевань теле борб. иштейт. 1968-ж. телефильм чыгаруучу «Экран» чыгармачылык бирикмеси түзүлгөн. Радио ж-а теле көрсөтүү үйү бар.

Адабияты — байыркы бай адабияттын бири. Миңдеген жылдар бою айтылып келе жаткан эмгек, адамгерчилик мамилелер, үрп-адат ж-дөгү ырларда, макал-лакаптарда, күлкүлүү аңгемелерде элдин дүйнөнү көркөм аңдап-билүү өзгөчөлүгү, ой-тилектери ?чагылдырылган. А. элинин элдик оозеки поэтикалык чыгармаларынын үлгүлөрү турк элдеринин байыркы ири адабий эстелиги — Махмуд Кашгаринин «Диван-и лугат-ат-түрк» деген сөздүгүндө кездешет. А. фольклорунда негизги орунду «Китаби Деде Коркуд», «Кёр-Оглы», «Шах Исмаил», «Асли жана Керем», «АшыгГариб» дастандары ж. б. ээлейт. А. адабиятынын байыркы жазуу үлгүлөрүнүн көбү бизге жеткен жок. 11-12-к-да А. акындарынын бир тобунун араб, фарс тилдеринде жазган чыгармалары сакталып калган. 12-к-дагы азерб. поэзиясынын жетишкендиги дүйнөлүк поэзиянын эң көрүнүктүү өкүлдөрүнүн бири — Низами Ганджевинин чыгармачылыгына байланыштуу болгон. Акын-гуманист өз доорунда прогрессчил идеяларды жактоо м-н эзүүгө, адилетсиздикке ж-а зомбулукка каршы чыккан. 13к-да А-да суфисттик багыттагы адабият өнүгөт. Хан сарайдагы акындардын поэзиясы акырындап күчүн жогото баштап, 14-15-к-да диндикфилос. окуу — хуруфизм күч алат. Хуруфизмди жактоочулар негизинен ислам дининин догмаларына, социалдык эзүүгө каршы чыгышкан. Мунун эң көрүнүктүү өкүлдөрүнүн бири — акын Имадеддин Несими 1-жолу А. тилинде диван жазган. 16-к-да Сефевиддердин мамлекети түзүлгөн мезгилден баштап, А. адабияты м-н маданиятынын өнүгүшү тездейт. 16-к-да Мухаммед Физули өзүнүн газелдеринде, А. поэзиясынын бермети болгон «Лейли-Межнун» поэмасында гумандуулуктун идеяларын даңазалаган. Физулинин чыгармачылыгы А. адабий тилинин калыптанышында маанилүү роль ойногон. 17-18-к-да классикалык жазма адабиятта элдик поэтикалык чыгармачылыктын таасири күчөйт. Ырдын формасы м-н тили жөнөкөйлөшүп элге түшүнүктүү боло баштайт. Говси Тебризи, Саиб Тебризи, Месихи ж. б. акындар Физулинин салтын улантышат. Видади м-н Вагифтин чыгармаларынан 18-к-дагы азерб. лирикасынын мыкты үлгүлөрүн кезиктируүгө болот. Видадинин лирикасында кайгы, убайым тартуу басымдуу. Вагифтин лирикасына оптимизм мүнөздүү. Анын чыгармачылыгы азерб. поэзиясынын реализмге карай өнүгүү жолундагы маанилүү этап болду. 19-к-да классикалык поэзиянын салты күч алат. А-дын түндүгунүн Россияга кошулушу м-н анын маданиятынын өнүгүшүндө зор бурулуштар болот, агартуу багытындагы адабият өнүгө баштайт. А-да адабияттын өнүгүшүнө А. драматургиясьша негиз салуучу, философ-материалист, коомдук ишмер М. Ф. Ахунзаде (Ахундов) көрүнүктүү салым кошот. Анын көп кырдуу чыгармачылык ишмердиги Ж. Чыгыштагы коомдук прогрессчил ойлорду өнүктүрүүгө түрткү болгон. 20-кдан баштап А-да рев-ялык демокр. адабият өнүгүп, Ж. Мамедкулизаде, М. А. Сабир анын көрүнүктүү өкүлдөрү болушкан. А-да Совет бийлигинин жеңиши (1920) А. адабиятынын өнүгүшүнө жаңы жол ачты. С. Рустам, С. Вургун, Р. Рза ж. б. акындар совет элдеринин достугу, эркин эмгеги, тынчтык үчүн болгон күрөшү ж-дө мыкты чыгармаларды жаратышты. С. Ордубады, С. Рагимов, М. Ибрагимов ж. б. жазуучулардын повесттерп, романдары А. элинин рев-ялык күрөктүн, тарыхын, соң. улуу курулушун, совет элинин Улуу Ата Мек. согуштагы эрдигин чагылдырды. А-да адабият таануу илими, адабий сыны да ийгиликтүү өнүгүүдө. 1957-60-жда үч томдук «Азербайжан адабиятынын тарыхы», 1967-ж. эки томдук «Азербайжан совет адабиятынын тарыхы» жарыкка чыкты. А. алдыңкы акын-жазуучуларынын мыкты чыгармалары кыргыз тилине которулган.

Архитектура жана сүрөт искусствосу. А-дын аймагында көптөгөн байыркы архит. ж-а сүрөт иск-восунун эстеликтери сакталган. Арабдардын үстөмдүк кылышы (7-к.) ж-а ислам дининин таркатылышы м-н жаңы типтеги курулуштар (мечит, медиресе, күмбөз ж. б.) пайда болгон 9- 10-к-да жандуу нерселердин сүрөттөрүн тартуунун чектелиши декоративдик иск-вонун орнаменталдуу формасынын өнүгүшүнө шарт түздү. О. кылымдагы архитекторлор м-н көркөм өнөр устаттарынын баалуу иск-восу арх. Аджеми курган (Нахичевандагы) Юсуфдун, Кусеир уулунун (Марагадагы), Джугадагы күмбөздөрдөн, Бакудагы Кыздар мунарасынан (Кыз капасы, 12-к.), 13-к-дагы Мардакяндагы, Нардарандагы, Пирсагат суусунун боюндагы Ханегидеги сепилдерден ачык-айкын көрүнүп турат. А-да сов.

архитактуранын өсүш жолу Бакунун чет, жакаларында жумушчу носёлокторунуң ген. долбоорунун планын түзүү (1922) м-н байланыштуу. 1934-40-ж-да С. Дадашев ж-а М. Усөйнов сыяктуу архитекторлор консерваториянын,* Низами атн. музейдин, Азерб. КП БКнын ж-а Министрлер Советинин, имараттарынын долбоорлорун иштеп чыгышты. Улуу Ата Мек. согуштан кийин архитекторлор Бакунун ж-а индустр. жаңы борборлор — Сумгаит, Мингечаур, Дашкесан, Нахичевань ж. б. ш-лардын жаңы планын түзө башташты. 1920-50-ж-да А-дын сой; улуттук сүрөт иск-восунун калыптануу мезгили болду. П. В. Сабсай, Ф. Г. Абдурахманов, Д. М. Карягды, А. А. Азимзаде, И. Г. Ахундов, Г. А. Халыков, С. А. Саламзаде, С Б. Бахлулзаде, Б. А. Мирзазаде, Т. А. Тагиев ж. б-дын чыгармачылыгынан, алардын ийгиликтерин ж-а изденүүлөрүн көрүүгө болот. Респканын кайталангыс улуттук живопистик мектебине М. Г. Абдуллаев, Н. Г. Абдурахманов, А. А. Жафаров, Т. Г. Салахов ж. б. таланттуу живописчилер кирет.

Музыкасы. А. элдик муз-сы илгертеден башталып, эмгек процесстери, элдик салтанат, диний үрп-адаттар м-н тыгыз байланыштуу болгон. Формасы жагынан ж-а жанрынын ар түрдүүлүгү м-н айырмаланган фольклордук иск-вонун алкагында өнүккөн. А. элдик муз-сы негизинен бир үндүү; ал эми вокалдык аспаптын формаларда көп үндүүлүктүн элементтери байкалат. Муз. аспаптары: тар, саз, канон, уд, кеманча, түтөк, баламан, нагара, гоша-нагара, дэф ж. б. Азыркы муз. маданиятына 20-к-дын башында У. Гаджибеков негиз салган. Анын «Лейли менен Межнун» аттуу алгачкы операсы 1908-ж. коюлган. А. муз-сы, Совет бийлиги орногондон кийин, дүркүрөп өстү. Айрыкча, 50-ж-дардын аягында А. муз-сы дүйнөлүк муз. иск-вонун бийиктигине көтөрүлдү. К: Караевдин балеттери, симфониялары сов. муз. классикалык чыгармалардын катарына кошулду. А-да опера ж^абалет театры, консерваторияеы, музь-окуу жайлары- (1921), эл аспаптар оркестри (1931), Композиторлор союзу (1934), симф. оркестри* «-(15938) уюшулду.

Театры.»А. элинин театр иск-восу байырк№ элдик бийлерден, оюн-зооктордову. башталат. 19-к-дын башталышындапрофессионалдык театр өнүгө баштаган. Көрүнүктүү жазуучу ж-а драматург Mi Ф. Ахундовдун драмалары Петербургда (1851), Тбилисиде (1852)- орус тилинде коюлган. 19-кдын акырында азерб* тилиндеги спектаклдер жөн шаарларда көрсөтүлгөн. Театрдын оюндарды коюуда А. элинин көрүнүктүү агартуучу-драматургдарм Н. Ф. ж-а Г. Вёзировдор, Н. Н. Нариманов, А. Б. Ахвердов, С С. Ахундов-, Дж. Мамедкулизаде, У. Гаджибековдор зор роль ойногон. А-да Совет бийлиги орногондон кийин, Мамл. бириккен театр (азыркы М. Азизбеков атн.) уюшулат. 30-40ж-дары Г. Джавиддин «Князь», «Сиявуш», М. Ибрагимовдун «Хаят», С Вургундун «Вагиф», «Ханлар», «Фархат менен Ширин», С Рустамдыи «Гачах Иаби» сыяктуу ар кыл жанрдагы спектаклдери коюлат. С Вургун атн. орус драма, М. Горький атн. өспүрүмдөр, куурчак ж. б. театрлары бар. 1945-ж. Улуттук цирк коллективи уюшулган.

Кино. А-дын «Нефтинин жана миллиондордун дүйнөсүндө» деген алгачкы көркөм фильми 1916-ж. тартылган. 1917-ж. Бакуда У. Гаджибековдун «Аршин мал алан» опереттасынын негизинде улуттук алгачкы кинокомедия жаралган. Совет бийлиги орногондон кийин, кино тармактары мамлекеттин карамагына өткөн. 1923-ж. фотокино башкармасы (АФКУ) түзүлүп, киностудияда режиссер ж-а актёрлор даярдалды. Дж. Джабарлы, А. М. Шарифзаде, А. С Кулиев, М. Ю. Микаилов, С М. Марданов ж. б. кино ишкерлери өсүп чыгышты. Алар «Алланын амири менен» (1925), «Гаджи Кара» (1929), «Лятиф» (1930) ж. б. картиналарды жаратылган. 50-ж-дардын 2-жарымынан тартып көркөм фильмдерди чыгаруу кескин түрдө көбөйдү. «Анын кең пейил жүрөгү» (1959, реж. А. М. Ибрагимов), «Телефончу кыз»- (1962, реж. Г. Сеидбейли), «Байыр алган адам» (1968, реж. А. Бабаев) ж. б. фильмдер ушул жылдары тартылган. Сов. Союз. Баатыры Мехти ГусейинЗадеге арналган «Ыраакы жээктерде» (1956, реж. Т. М. Тагйзаде), «Мосфильм» м-н бирдикте иштелген «Бакулук 26 комиссар» (1966, реж. А. М. Ибрагимов) фильмдери зор ийгиликтерге жетишти. 1965-ж. Азерб. ССРинин кинематографисттер союзу түзүлдү. Дж. Джабарлы атн. «Азербайжанфшгьм» киностудиясы түстүү, кең экрандуу фильмдерди чыгарып турат. А&.: Ленин В. И., Об Азербайджане, Сб., Баку, 1959;. История Азербайджана, т. 1-3, Баку, 1958-63; Очерки по древней истории Азербайджана, Баку, 1956; Азербайджан в гдады первой русской революции, Баку, 1965; Расцвет экономики Азербайджана, Баку, 196.7; Азербайджанская ССР, М., 1957; Физическая, география Азербайджанской ССР,- М’.’, 1959; Геоморфология Азербайджана, Баку, 1859; Геология нефтяных, и газовых месторождений Азербайджана, М., 1-966; Очерки истории Коммунистической партии Азербайджана, Баку, 1964; Развитие науки в Советском Азербайджане. Сб. ст., Баку, 1967; Литература азербайджанского народа, Баку, 1958; Касимзаде Ф., Очерки по истории, азербайджанской литературы ХIX века, Баку, 1962; Искусство Азербайджана, т. 1-12, Баку, 1949-68; Архитектура Азербайджана. Очерки, Баку, «1952; Мам е д о в а Ш., Пути развития азербайджанского музыкального театра, М., 1931.’

АЗЕРБАЙЖАН ССР ИЛИМДЕР АКАДЕМИЯСЫ — Азерб. ССРинин жогорку илимий мекемеси. СССРИАнынБакудагы Азерб. филиалынын базасында 1945-ж. негизделген. Анда (1974) 54 академик ж-а 45 мүчө-корр. бар. Академиянын 6 (физика-тех. ж-а матем., хим., Жерди изилдөө, биол., коомдук, мед. илимдердин) бөлүмдөрүндө 22 ил. из. ин-ту иштейт. Музейлери, илимий базалары, Радиация изилдөө сектору, Ботан. багы, ири китепканасы, ил. из. мекемелери, кол жазма фондусу бар. Академияда азерб. ж-а орус тилдеринде ин-ттардын илимий эмгектери басылып турат.

АЗЕРБАЙЖАН ТИЛИ — СССРде (1970; 4297,2 миң адам сүйлөйт) ж-а чет өлкөлөрдө жашаган азербайжандардын тили. Түрк тилдеринин түш.бат., же огуз группасына кирет. А. т. диалектилик 4 тонко: чыгыш (куба, баку, Шемаха диалектилери, муган, ленкоран говорлору), батыш (казах, ка-, рабах, гянжа диалектилери, айрум говору), түндүк (нух диалекти, закаталках говору) ж-а түштүк (Нахичевань, ордубад, тебриз диалектилерине ж-а ереван говоруна) болуп бөлүнөт. Азерб. адабий тили баку ж-а Шемаха диалектилеринин негизинде калыптанган. Азерб. эли 1929-ж-га чейин араб алфавитинде, 1929-40-ж-да латын ж-а 1940ж-дан тартын, А. т-не мүнөздүү тыбыштардын 8 тамгасын кошуу м-н орус графикасынын негизиндеги жазууга өттү. Совет бийлигинин жылдарында А. т-нин сөздүк составы байып, улуттук жазуусу, адабий тилинин стилдик нормалары калыптанды.

Ад.: Ш и р а ли е в М, Ш., Азэрбазчан диалектолокщ асынып эсаслары. Бакы, 1962; Дэмирчизадэ Э., Азэри эдэби дили тарихи, Бакы, 1967; Грамматика азербайджанского языка, Баку, 1971.

АЗЕРБАЙЖАН ТОО МЕРИНОСУ — уяң жүндүү кой. Меринос соолуктар аскания, кавказ уяң жүндүү породаларъшын кочкорлору м-н аргындаштырылып, Азербайжанда чыгарылган.

Буга кылчык жүндүү бозах кою м-н уяң жүндүү аргындар да катышкан. 1948-ж. порода катары бекитилген. Башка мериносторго караганда чыйрак келип, тоолуу жерге ыңгайлашкан. Тирүүлөй салм.: кочкорунуку 80-90 кг (кээсиники 120 кг); соолугунун 45-55 кг (чандасы 80 кг). Кочкорунан — 8-10 кг (мыктысынан — 16), соолугунан 4,5-5 кг жүн алынат. Көбүнчө Азерб. ССРинде өстүрүлөт. А. т., м. жерг. койлордун жүнүн жакшыртуу үчүн асыл тукум ишинде пайдаланылууда.

АЗЕРБАЙЖАН УНИВЕРСИТЕТИ С М. Киров а т ы н д а г ы-1919-ж. Бакуда ачылып, мед. ж-а тарых-филол. ф-теттери болгон. 1924-ж-дан Азерб. ун-ти деп аталган. 1930-ж. өз алдынча вуздарга (мед., пед., эл чарба ж. б.) бөлүнгөн. 1934-ж. кайра ун-т болуп, С. М. Кировдун ысмы коюлган. Мында белгилүү окумуштуулар: Н. Я. Марр, В И. Разумовский, В. В. Бартольд, И. И. Мещанинов ж. б-лар сабак беришкен. Ун-ттиц 12 факультетинде окуу азерб., орус тилдеринде жүргүзүлөт. 1968-69-окуу жылында 11 миңден ашык студент окуган, 64 кафедрада 600 окутуучу, анын 74ү — профессор ж-а илимдин доктору, 327си — доцент ж-а илимдин кандидаты. Ун-т ачылгандай бери 27 миңден ашуун жогорку квалификациялуу адисти даярдап чыгарган. ‘

АЗЕРБАЙЖАНДАР, азербайжанлылар, азерилер — улут. Азерб. ССРинин негизги калкы. А. ГССР, Арм., Каз., Өзб., Кырг. ССРлеринде о. эле Дагстан АССРинде да жашайт. СССРдеги А-дын саны 5,5 млн-го жакын (1973). Иранда, Иракта ж-а Турцияда да 4 млн. А. бар. Алар азерб. тилинде сүйлөшөт. Мусулман динин тутуп келишкен. А. тарыхый адабияттарда ж-а атайын документтерде түрктөр, татарлар деп жазылган. 11-13-к-да А-ды түрк (айрыкча селжук) уруулары басып алып, анда отурукташкан жерг. калк м-н биргелешип, азерб. элинин уюткусун түзгөн. Түн. А-дын Россияга кошулушу (1813-1828) аны түрк ж-а ирандын басып алуучулардан куткарып, капитализмдин өнүгүшүнө өбөлгө түздү, А. улутунун андан ары консолидацияланышына жардам берди. А-да Совет бийлигинин орнотулушу (1920) А-дын биротоло соц. улут болуп калыптанышына, маданиятынын, экономикасынын өнүгүшүнө алып келди. А. улуту айрум, карапапах, падар, шахсевен, карадаг, афшар деген этногр. топтордон түзүлгөн. Геогр. шартка жараша мал чарбачылык, дыйканчылык м-н кесип кылышкан. Азыр А.- адабияты, иск-восу өнүккөн маданияттуу эл.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *