АЗЕРБАЙЖАН ЖЫЛКЫСЫ

АЗЕРБАЙЖАН ЖЫЛКЫСЫ — Азербайжанда илгертен бери өстүрүлүп келе жаткан күч унаа. А. ж. чыдамдуулук м-н айырмаланып, үйүрлөштүрүп багууга ыңгайлашкан. Өңү жээрде, кызыл ж. б. Орточо өлчөмү: өркөчүнө чейинки бийикт. 138, тулку бою 139, көкүрөк курчата өлчөмү 161, шыйрагынын жоондугу 18 см. А. ж-нын тирүүлөй салм. 280-350 кг, жүкчөн ат күнүнө 60-70 км жол жүрөт. Кунандары 1600 м аралыкты 2 мин 22,6 сек убакытта чуркап өтөт. А. ж-нын бир нече түрү (карабах, игпрван, делибоз ж. б.) бар. А. ж-н жакшыртуу максатында араб ж-а терек жылкысы м-н асыл тукум иши жүргүзүлүүдө.

Author: 123

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *