АЗГУР Заир Исаакович

АЗГУР Заир Исаакович (1908-ж. т.) — советтик скульптор, БССР эл сүрөтчүсү (1944). СССР сүрөт академиясынын анык мүчөсү (1958). 1943-ж-дан бери КПССтин мүчөсү, Ленинграддагы сүрөт академиясында (1925-ж-дан) Киевдеги сүрөтчүлөр ин-тунда (1928- 29) окуган. Ата Мек. согуштун баатырлары А. И. Родимцев, А. И. Молодчий, М. Ф. Сельницколордун портреттери (үчөө тең Третьяков галереясында, 1943, Москва) үчүн СССР Мамл. сыйлыгы берилген (1964). В, И. Ленинге арналган бир катар эстеликтердин автору. Ленин ордени дагы башка 3 орден, медалдар м-н сыйланган.