АЖЫ

АЖЫ (ар, хаж — зыяратчылык) — 1) Мекеге барып зыярат кылуу; 2) Мекеге зыярат кылганы барган адамга берилген наам. Аны мусулман жыл календарынын 12-айында (Зульхиж) ишке ашыруу сунуш кылынат. Зыяратчы Мекеде бир топ диний ырым-жырымды аткарып, курмандык мал союуга милдеттүү. Ошондо ал «ажы» деген кошумча атка ээ болот. Арабдар ислам динине чейин эле Мекеге зыярат кылып келген. Ал эми ислам Меке ж-а Кааба храмын мусулмандардын диний борборуна айландыруу максатында, алардын экон. ж-а саясий ролун чыңоо үчүн ажылыкты мусулмандардын негизги милдеттеринин бирине айландырган. Ажылык панисламизмди үгүттөөнүн, диний фанатизмди күчөтүүнүн негизги куралдарынын бири болуп, адамдарды көп кырсыктарга дуушар кылган. Мекеге зыяратчылардын жыйылышы, ал жердеги оор шарттар массалык оорулардын пайда болушуна, эпидемиянын жайылышына алып келген. Көпчүлүк адамдар оорудан ж-а ачкачылыктан каза болушкан. Азыркы Учурда А. болууга негизинен айрым динчилдер гана барышат.