АЖЫРЫК

АЖЫРЫК (Cynodon) — дан өсүмдүктөр тукумунун уруусу, көп жылдык чөп. Тамыр сабагы абдан узун, бутактуу, катуу. Сабагы жерге төшөлүп өсөт. Жалбырагы узун, ичке, кыйгак. Топ гүл бутакчалары топтолушуп, сабагынын учундагы бир жерден манжадай чачырап чыгат. Машакчалары 1-2 гүлдүү. А.- тамыр сабагынан жакшы көбөйүүчү, кеңири тараган отоо чөп. Мал жакшы жейт. Кургакчылыкка чыдамдуу. Жакшы алысындайт. СССРде, о. эле Кыргызстанда бир гана түрү ?- манжа сымал А. өсөт. А. уруусуна бардыгы 10 түр кирет, алар негизинен Түш. Африкада, Авсралияда, тропиктик, субтропиктик алкактагы жерлерде таралган. Стадион аянтчалары дың ж-а жашыл болушу үчүн А-ты өстүрүүгө болот. Уругу көбүнчө анын жапайы өскөн жерлеринен жыйналып алынат. Көчүрүп отургузса, тамыр сабагы аркылуу да жакшы көбөйөт.