АЖЫРАТКЫЧ

АЖЫРАТКЫЧ (электрдик — электр тизмектерин ажыратуучу, бириктирүүчү же алмаштырып туташтыруучу аппарат. А. төмөнкү (1 ке ко чейин) ж-а жогорку (1 ке тон ашык) чыңалууга бөлүнөт. Алар орнотулган орду б-ча ички ж-а тышкы, уюлдарынын саны б-ча бир уюлдуу же көп уюлдуу, башкарылуу мүмкүндүгү б-ча аралыктан же кол м-н башкарылуучу болуп айырмаланат. А-тар изоляторлорго бекитилген кыймылдуу ж-а кыймылсыз контакттардан турат. А-тар кол же пружина м-н, электромагниттик же пневматикалык жол м-н иштетилет. Төмөнкү чыңалуулук А. үй тиричилигинде ж-а өндүрүштө колдонулуучу болуп бөлүнөт. Өндүрүштүк А-тар электр энергиясын бөлүштүрүү тармагында ток күчүнүн ашыкча болуп кетишинен сактайт. Рубильник, алмаштырып туташтыргыч, контакттар ж-а магниттик иштеткичтер да өндүрүштүк А-тардын катарына кирет.