АЖЫДААР ТООЛОРУ

АЖЫДААР ТООЛОРУ -Туш. Африка Респ-касынын чыгышындагы Чоң Тектир тоолорунун бир бөлүгү. Уз. 900 км ге жакын, эң бийик чокусу — Каткин-Пик (3657 м). Негизинен кумдун, сланец, базальт тоо тектеринен турат. Чыг. капталында жамгыр көп жаайт (жылына 2000 м ге чейин), батышы кургак ж-а кескин континенттүү. Тоо чокуларында кышкысын кар өксүбөйт. Чыг. капталын 1200 м бийиктикке чейин тропиктик токой, 1200-2000 м де тикендүү калың бадалдар, ксерофиттер ж-а суккуленттер Ү акация, алоэ), андан жогору тоо шалбаасы ж-а корум таштар каптап жатат.

Author: 123

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *