АЖГОН

АЖГОН, а й о в а н Trachyspermum copticum, Carum ajowan — чатыр гүлдүүлөр тукумундагы бир жылдык өсүмдүк. Бийикт. 70-120 см, тамыры ичке, узун, 1 м ге чейин жерге кетет, жалбырагы кезектешип жайгашат. Гүлү жыпар жыттуу, ак же кызгылтым; кош дандуу, ысык жерде жакшы бышат. Жер Ортолук деңизинин жээгинде, Кичи ж-а О. Азия, Индияда жапайы өсөт. Эфир — май өсүмдүгү катарында Индия, Афганстан, Иран, Турция, СССРде (Кыргызстандын Чүй өрөөнүнүн Калинин р-нундагы Тельман атн. к-з А. өстүрүүгө адистештирилген) өстүрүлөт. Уругунда 2,5-10% эфир майы (мунун 35-40%ти тимол), 20-32% май, 15-17% белок бар. Тимол медицинада, парфюмерия-косметикада, тамак ө. ж-да ж. б. пайдаланылат, тимолсуз эфир майынан (тимен) самын кайнатылат. А-дун тобун мал жейт. Уругу темп-рага (8°С), топурактын нымдуулугуна жараша 12-30 күндө өнүп чыгат. Вегетация мезгили 120-156 күн. Эрте жазда эгилет. Кыргызстанда күзүндө да эгүүгө болот, А-ду сугарып туруу керек. Гектарынан 8- 12 ц түшүм алынат.

Author: 123

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *