АДЫШЕВ Муса Мирзапаязович

АДЫШЕВ Муса Мирзапаязович [15 (29) 6. 1915-ж. т., Гүлчө кыш., Алай р-ну, Ош обл.] -көрүнүктүү советтик илимпоз, геол.-минералогия илимдеринин доктору (1969), профессор (1971), Кыргыз ССР ИАНЫН академиги (1961; мүчө корр., 1954) ж-а вице-президенти (1974). Кыргыз ССРинин илимге эмг. сиң. ишмери (1975). 1948-ж-дан КПССтин мүчөсү. ЖалалАбад педтехникумун (1935), О. Азия мамл. ун-тинин (САГУ) геол. ф-тетин (1947) бүтүргөн. Улуу Ата Мек. согушка (1941-1945) катышкан. Ош обл-дагы айылдык мектепте мугалим, директор (1935-38), СССР ИАнын Кыргыз филиалынын Геол. ин-тунун кенже илимий кызматкери (1947), директору (1952), 1954-75-жылдары Кырг. ССР ИАнын Эмгек Кызыл Туу ордендүү геол. ин-тунун директору болуп иштейт. А.- литогенез геохимиясынын өкүлү. 45 тен ашык илимий эмгегинин үчөө — монография. Алар негизинен Тянь-Шандагы байыркы доордо пайда болгон чөкмө тоо тектердин геологиясын, геохимиясын ж-а пайдалуу кен байлыктарын изилдөөгө арналган. Тянь-Шанда кеңири тараган көмуртек-кремнийлуу сланецтер формациясын изилдеп чыккан. Бул формация жер бетинде кеңири таралышы, сейрек, чачыранды Ж. б. көптөгөн баалуу хим. элементтердин, орг. заттардын көп болушу м-н башка чөкмө тоо тектерден өзгөчөлөнүп турат. Анда молибден, ванадий, фосфор ж. б. элементтердин ири кендери топтолгондуктан, бул формацияны изилдөөнүн эл чарбасы ж-а илим үчүн эң чоң мааниси бар эле. Ошондуктан А. формациянын түзүлүшүн, составын, Тянь-Шандагы таралыщ чегин тактаган; өзү тапкан фауналарды ж-а тоо тектерди Европа, Азия өлкөлөрүндөгү аналогдоруна салыштыруудан формациянын геол. жашын аныктаган. Формациядагы руданы түзүүчү элементтер чөкмө-сингенетикалык жол м-н пайда болорун белгилеп, формациянын өзгөчөлүктөрүн, кээ бир металлдардьш чөгуп-толтолупгу үчүн орг. заттардын ролу чоң экенин ачкан. А-дин Кыргызстандагы геол. изилдөөлөрдүн тарыхы, Тянь-Шандын металлогениясы д. у. с. маселелерге арналган бир нече илимий макаласы жарык көргөн. А. илимдин ж-а техниканын жетишкендиктерин калайыкка таратуу жагынан да активдүү иштейт. А-дин жетекчилиги м-н илимдин бир нече кандидаты ж-а доктору даярдалган. Эл аралык геол. конгресстин 22-23сессияларына (Дели, 1964; Прага, 1968), кендер дин пайда болушу б-ча Эл аралык ассоциациянын ж-а Эл аралык минер алогиялык ассоциациясынын бириккен конференциясына (Токио — Киото, 1970) катышкан. А.- Советтер Союзунун геологдорунун Улуттук Комитетинин ж-а СССР ИАнын бир нече илимий Советтеринин (СССРдин геол. жактан изилденүүсү б-ча комиссиянын, Жер жөнүндөгү илимдер секциясынын кендердин пайда болушу б-ча илимий Советтин О. Азия бөлүмүнүн ж. б.) мүчөсү. Табият таануу ж-а техника б-ча тарыхчылардын Советтик улут бирикмесинин Кыргызстандагы бөлүмүнүн председатели, илим ж-а техника б-ча Кырг. ССРнин Мамлекеттик сыйлыгынын респ-калык комитетинин мү.чөсү, Кырг. ССР ИАнын геол. ж-а тоо иштери б-ча бириккен окумуштуулар Советинин председатели, Кырг. ССР Атласынын башкы редактору, Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакция ж-а Кыргызстанда чыгуучу бир нече илимий журналдар м-н жыйнактардын редколлегия мүчөсү. А. Кыргыз ССРнин чет мамлтер м-н достук ж-а маданият б-ча байланыш коомунун председателинө орун басар, «СССР — Бангладеш» коомунун Кыргызстандагы бөлүмүнүн иред-ли. Башка дагы бир нече коомдук ж-а илимий уюмга мүчө. А. Кыргыз ССР Жог. Советине (9-шайл.) депутат. Эмгек Кызыл Туу ордени, бир нече медаль м-н сыйланган.

Чыг.: Металлогения метаморфических и осадочных толщ Тянь-Шаня, в кн.: «Закономерности размещения полезных ископаемых», вып. IX, М., 1970; Геологические исследования в Киргизской ССР, в сб.: Вопросы истории естествознания и техники в Киргизии, Фр., 1967.

Author: 123

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *