АДЫР

АДЫР — О. Азиядагы тоо этектерин ээлеген (айланасындагы түздүктөн 200-800 м бийик) дөңсөөлөр. Кургак сайлар м-н тилмеленип, негизинен кайнозой чөкмө тектеринен турат. Ландшафты чөл ж-а жарым чөлдүү. Өрөөн ичинде тоодон алыс жаткан А. кээде «айгыр жал» деп аталат (мис, Нарын, Кочкордогу). А-лар Кыргызстанда, айрыкча Фергана өрөөнүнүн тоо этектеринде ж-а Ички Тянь-Шандын өрөөндөрүндө кездешет. АДЫР — Ош обл-нын Өзгөн р-нундагы Мырза-Аке сельсоветине караштуу кыштак. «Алга» с-зунун аймагында. Райондун борбору Өзгөндөн 19 км түш.-чыг. тарапта. Калкы 741 (1974). Сегиз жылдык мектеп бар.

Author: 123

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *