АДЫР-ТӨР ТООСУ-

АДЫР-ТӨР ТООСУ-Борб. ТяньШандын түн.-чыгышында, Сары-Жаз суусунун алабындагы Семёнов ж-а Мушкетов мөңгүлөрүн бөлүп турган тоо. Уз. 35,5 км, туурасы 3-7 км. Орточо бийикт. 4390 м, эң бийик жери 4550 м. Негизинен байыркы кристаллдык метаморфизмделген девондун аки таш теги, кристаллдык сланец тоо тектеринен турат. Рельефи асимметриялуу: түш. капталы Адыр-Төр суусу м-н Мушкетов мөңгүсүн карай тигирээк, түндүгү Сары-Жаз өрөөнүн карай жантайыңкы. Түн. капталы мөңгүлүү, кыска өрөөндөр м-н тилмеленген. Мөңгүлөрдүн жалпы аянты 49 км2. Тоо этегин кара кыяктуу альпы тилкеси ээлеп (3100-3500 м), андан жогору нивалдуу тилке жатат.