АДЫГЕИ АВТОНОМИЯЛУУ ОБЛАСТЫ

АДЫГЕИ АВТОНОМИЯЛУУ ОБЛАСТЫ, Адыгея РСФСРдин Краснодар крайынын составында 1922-ж. 27июлда түзүлгөн. Аянты 7,6 миң км2. Калкы 399 миц (1973). Областта 6 админ. район, 1 шаар, 6 шаар тибиндеги поселок бар. Борбору — Майкоп ш-ы. А. Кавказдын түн.-батышында, Кубань ж-а Лаба д-ларынын сол жээгинде. Областтын түштүгү Чоң Кавказ тоосун этектеп, түн. жагы Кубань түздүгү м-н өтөт. Климаты мелүүн, жылуу ж-а нымдуу. Майкоп ш-да январдын орточо темп-расы 1,6°С, июлдуку 22,2°С. Жылдык жаан-чачын 700 мм. Ири дарыялары: Лаба, Белая, Псекупс, Пшиш, Афипс. Кубандын агымын жөнгө салуу иретинде А. терр-ясында жалпы сыйымд. 520 млн. ле3 келген Шапсуг ж-а Тщик суу сактагычтары курулган. Жери кара топурактуу. Территориясынын 39,2% токойлуу.

Калкынын басымдуу көпчүлүгү адыгейлер, мында орус ж. б. улуттардын өкүлдөрү да бар. Орточо жышт. 1 км2 ге 50 киши. Б. з. ч. 1-миң жылдыктын ортосунда азыркы адыгейлердин ата-бабалары меот, синд, керкеттер деп аталган. 13-к-да адыге уруулары биригип адыге калкы түзүлөт. А. 13-к-да катуу каршылык көрсөтүүлордөн кийин, Алтын Ордого багынган. 16-к-дан баштап 200 жыл бою түрк султандары ж-а алардын вассалы — крым хандары адыгей элин басып алуу үчүн согуш жүргүзүп келген. А. 1955-57-ж. Россияга өз ыктыяры м-н кошулган. Улуу Окт. соц. рев-ясына чейин жарым феод.-патриарх. абалда болгон. 1918-ж. январда Майкоп ш-да Совет өкмөтү орноду. 1922-ж. 27-июлда Черкес (Адыгей) АОсу, 1928-ж. июлда Адыгей АОсу деп аталды. Совет бийлигинин мезгилинде индустр.-агрардык өлкөгө айланды. Улуу Ата Мек. согушта немецтер басып алып (1942-ж. авг.-1943-ж. февр.), 1943-ж. 30-январда Майкоп, февралда бүткүл террясы бошотулду. Согуш мезгилинде 7 киши Сов. Союз. Баатыры деген наам алды. 4 миң киши орден ж-а медалдар м-н сыйланды. Согуштан кийин областтын ө. ж. калыбына келтирилди ж-а 1972-ж. 1940-жга салыштырганда 6 эсеге жакын өстү. 1957-ж. Ленин ордени, 1972-ж. Элдердин Достугу ордени м-н сыйланды.

Эл чарбасында ө. ж. Башкы мааниге ээ, анын негизги тармактары тамак-аш (бардык ө. ж. продукциясынын 1/2не жакынын берет), газ өндүрүү, токой ж-а жыгач иштетүү, машина куруу өнүккөн. Гидроэнергия ресурстарына бай. Белая д-да ири 2 ГЭС курулган. Ири ө. ж. борбору Майкопто эт, сүт комбинаты, мебель жыгачтарын жасоочу «Дружба» фирмасы, «Дубитель» өндүрүштүк бирикмеси, целлюлоза-картон комбинаты, «Станконормаль», Фрунзе атн. станок ж-а машина куруу з-ддору, Гиагинскийде кант, Натырбовдо эфир май з-ддору бар.

Айыл чарбасынын негизги тармагы — дыйканчылык. 1968-ж. 41 колхоз, 19 совхоз болгон. Областта жалпы жер фондусунун 47,2% а. ч-сына жарактуу. Анын 73% айдоо жер, 23,9% мал жайыт ж-а чабык, 1,5 % жүзүм аянты. Айдоо аянтынын 50% не дан эгин (буудай, жүгөрү), 16% не тех. өсүмдүктөр, 34% не тоют өсүмдүктөрү эгилет. Мал чарбасы жакшы өнүккөн. 1973-ж-дын 1-январына уй 186 миң, анын ичинен саан уй 65 миң, койэчки 142 миң башка жеткен. Областта Армавир-Туапсе, Белореченск-Хаджок т. ж. бар. Майкоптон Түн. Кавказдын шаарларына автобус каттайт.

Адыгейлер элдик поэзияга бай. Байыркы баатырдык эпос-нарттар ыр м-н эл оозунда айтылып келген. Совет өкмөтү орногондон кийин, А-дин көркөм адабияты калыптанды. Адыгей эл акыны Ц. Теучеждин (1855-1940), А. Хатковдун (1901-1937) ырлары ж-а поэмалары, Т. Керашевдин (1902ж. т.) аңгемелери, романдары («Бакыт жолу» романы үчүн 1948-ж. СССРдин Мамлекеттик сыйлыгын алган) ж. б. чыгармалары А. адабиятын байытты.

А-нын элдик музыкасы негизинен диатоникалык обондордон түзүлгөн. Ага ар түрдүү ритмдүүлүк ж-а кош үндүүлүк мүнөздүү. А. элинин муз. аспаптары: камыль (үйлөмө аспап), шичепншн (смычвктуу аспап), пхачич (урма аспап). Областта элдик ырбий ансамбли уюштурулган. 1941-ж. Майкоп ш-да А. С. Пушкин атн. драма театры ачылып, 1958-ж. анда адыгей труппасы иштей баштайт. А. элдик фольклору Улуу Окт. рев-ясынан кийин кеңири изилденди.

Ад.: Октябрем озарённая. Адыгея за 50 лет, Майкоп, 1957; Очерки истории Адыгеи, т. 1, Майкоп, 1957; Писатели Адыгеи. Биографический справочник, Краснодар- Майкоп, 1965.

Author: 123

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *