АДРИЯ ДЕҢИЗИ

0700949180
номурга
50 бирдик.

Гезит, Китептерди тоолугу менен окуйм десен

Орусия, Казакстандагылар үчүн
QIWI-кошелек биерде

Квитанцияны жана атыңы
Ватсапка жаз

АДРИЯ ДЕҢИЗИ -Жер Ортолук деңизинин бир бөлүгү. Апеннин ж-а Балкан ж. а-дарынын ортосунан орун алган. Отранто кысыгы аркылуу Иония деңизи м-н туташат. Кургактыкка 796 км кирип турат, туурасы 93-222 км, аянты 132 миң км2. Түн. жагы тайыз, түштүгү терең (1589 м). Үч тарабынан кургактык курчап жаткандыктан, климаты Жер Ортолук деңизинин климатынан айырмалуу. Суунун темп-расы: февралда түндүгүндө 7°, түштүгүндө 13-14°, августта 24- 26°С Туздуулугу: түндүгүндө 30- 35% о, түштүгүндө 38 %0 ге чейин. А. д-де балык уулоо өнүккөн (сардин, скумбрия ж. б.). Маанилүү порттору: Триест, Венеция, Анкона, Бари, Бриндизи (Италия), Риека, Шибеник, Сплит, Дубровник, Котор (Югославия), Дуррес, Влёра (Албания).

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *