АДРИАНОПОЛЬ ТЫНЧТЫК ДОГОВОРУ

АДРИАНОПОЛЬ ТЫНЧТЫК ДОГОВОРУ (1829) Россия м-н Турциянын ортосундагы согушту (1828-29-ж.) бүтүргөн. Ага 2 (14)-сентябрда Адрианополь ш-да кол коюлган. А. т. д. б-ча Дунайдын чаты аралдары м-н, Кара деңиздин бүт Кавказ жак жээги, Кубань д-нын чатынан Аджариянын түн. чегине чейин, о. эле Ахалкалаки ж-а Ахалцик чептери чет-жакасы м-н Россияга өткөн; Грузиянын, Имеретиянын, Мегрелиянын ж-а Эриван, Нахичевань хандыктарынын Россияга кошулушу ырасталган, орустардын ж-а чет өлкөлөрдүн соода кемелери Босфор м-н Дарданелл аркылуу эркин өтүшүнө Турция макулдук берген. Дунай княздыктары (Молдавия ж-а Валахия) автономияга ээ болушкан. А. т. д. орус дипломатиясынын ири жеңиши эле. Ал Кара деңиз боюнда сооданын өнүгүшүнө ыңгайлуу шарт түзүп, Закавказьенин негизги терр-яларын Россияга кошуп бүткөн; Молдавия, Греция, Валахия ж-а Сербия элдери Осмон империясынын эзүүсүнөн бошонгонго объективдүү өбөлгө түзгөн.

Author: 123

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *