АДРЕНАЛИН

АДРЕНАЛИН (лат. ad — жанында, renalis — бөйрөктүн) — адам м-н жаныбарлар организминин тиричилик аракетинде негизги роль аткаруучу бөйрөк үстүндөгү бездей иштелип чыгуучу гормон. Хим. формуласы C9H13O3N, мол. массасы 188,2. Кислоталар м-н жегичтерде жакшы эрий турган ак түстөгү кристалл. А. 1901-ж. ачылып, 1905-ж. синтезделип алынган. А. кандын басымы төмөндөгөндө, бронхиалдык астма ж-а аллергия ооруларын дарылоодо колдонулат.