АДОНИЗИД

АДОНИЗИД (Adonisdum) — адонис өсүмдүгүнөн алынып, кошунду заттардан тазартылган жаңы препарат. Составында глюкозиддер бар. Жүрөктүн иш-аракети начарлаганда ж-а жүрөк кан-тамыр невроздорунда берилет. Тамчылатып ичилет, венага ж-а тери астына куюлат. Ампулада (1 мл) ж-а флакондо (15 мл) чыгарылат.