АДМИРАЛТЕЙСТВО

АДМИРАЛТЕЙСТВО — 1) деңиздеги айрым бир согуш майданы үчүн кемелер кура турган жай. 17-19-к-да А. Россиянын бир катар шаарларында болгон. А. гавандарда, порттордо, дарыялардын кеме түшүрүүгө ыктуу кашаттарында курулган. Мис, Петербургдагы Башкы А. Нева суусунун сол жээгинен орун алган. 2) Ленинграддагы имарат — орус ж-а дүйнө архитектурасына мыкты чыгармасы. 1704-ж. кеме жасоочу жай катары Петр I курдурган. Имаратты курууга 1727-38-ж-да арх. И. К. Коробов, 1806-23-ж-да арх. А. Д. Захаров көп күч жумшаган. Бу монументтүү имарат — Ленинграддын архит. композициясынын чордону, шаардын санжыргасы. Аны Ф. Ф. Щедрин, И. И. Теребенев өңдүү скульнторлордун чыгармалары көркүнө чыгарып турат. 3) Улуу Британияда деңиз аскер күчтөрүн башкаруучу жогорку орган. АДН — ГДРдин Берлиндеги информациялык телеграф агентствосу. 1946-ж. негизделген. 38 ден ашык өлкөдө атайын кабарчысы бар. Чет өлкөлөрдөгү 48 информациялык агентство м-н кат-кабар алмашуу ж-дөгү келишими бар. 30 дан ашуун өлкөгө күндөлүк радио берүүлөрдү таратат. АДНдин фото тейлөөсү (Центральбильд) 45 өлкөдөн фотоматериал алып турат.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *