АДИПИН КИСЛОТАСЫ

АДИПИН КИСЛОТАСЫ, НООС (СН2)4 СООН — эки негиздүү органикалык кислота, түссүз кристаллдар, эрүү t 149-150°С; этил спиртинде ж-а сууда жакшы эрийт. Ал циклогексанонду азот к-тасы же абадагы кычкылтек м-н кычкылдандыруудан алынат. Мында катализатор катарында марганецтин туздары катышат. А. к.- нейлон буласын алууда негизги продуктулардын бирөө. Анын эфирлери майлагыч май ж-а пластификатор катарында колдонулат.

Author: 123

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *