АДИЛЕТТҮҮЛҮК

АДИЛЕТТҮҮЛҮК — байыркы замандан бери келе жаткан социалдык моралдык принцип ж-а норма. А. мүлк ээлөөчүлүктүн, теңсиздиктин ж-а коомдун таптарга бөлүнүшүнүн натыйжасында келип чыккан, ал теңсиздикти жок кылууга умтулууну көрсөтөт. А.- белгилүү экон. мамилелерге негизделген үрп-адатты, закондорду, эрежелерди, мамлекеттердин, элдердин, айрым адамдардын иш аракеттерин көрсөтүүчү моралдык-укуктук норма. Тарыхый өнүгүүдө коомдук мамилелердин өзгөрүшүнө байланыштуу А. түшүнүгү да өзгөрүп турат. Алгачкы коомдо: А. теңдик, тең болуу маанисинде болгон. Байыркы гректер А-түн кудайы Фемиданын таразасын А-түн белгиси катарында санаган. Жеке менчик м-н таптардын пайда болушуна байланыштуу А. таптык мааниге ээ болот. Кул ээлөөчүлүк коомдо бирөөнүн кул болуп же үстөмдүк кылуучу таптын адамдарынын буйругу м-н өлтүрүлүшү же мал ордуна айырбашталышы да кул ээлөөчүлөр үчүн «адилеттүү» иш болуп саналат. Феодализм тушунда үстөмдүк кылуучу тап коомдун, жаратылыштын бардык байлыктарын өз колуна жыйнап алып, крепостной дыйкандарды көз каранды кылып, аларга кордук көрсөтүп, зордук кылышкан. Бирок муну байлар м-н феодалдар адилетсиздик деп санашкан эмес. Илгерки кыргыз турмушундагы барымта, кун, калың берүү, көп аял алуучулук да социалдык адилетсиздиктин түрлөрү болгон. Таптык коомдо чыныгы маанисиндеги А-түн болушу иш жүзүндө мүмкүн эмес. Эксплуататордук таптар жоюлган социализм доорунда ж-а анын жогорку фазасы коммунизмде гана А-түн принциби м-н нормасын толук жүзөгө ашырууга мүмкүн болот.