АДЖЕМЯН Бартай Мкртичевич

АДЖЕМЯН Бартай Мкртичевич (1905ж. т.) — армян совет режиссёру, СССР эл артисти (1965). 1946-ж-дан КПССтин мүчөсү. Армян драма студиясын, Пролеткульттун (Москва) алдындагы режиссёрлор курсун бүткөн. Ленинакан театрын (1928, азыр Мравян атн. театр) уюштуруп, 1938-ж-га чейин ага көркөм жетекчи болгон. 1943- 47-ж. ушул эле кызматта кайрадан иштеген. 1939-ж-дан Сундукян атн. (Ереван) театрдын режиссёру, 1953ж-дан башкы режиссёр. Койгон спектаклдери: Горькийдин «Түпкүрдө» (1932), Шекспирдин «Он экинчи түн» (1944), Фадеев б-ча «Жаш гвардия» (1947), Ширванзаде б-ча «Баш аламан» (1959), Сарояндын «Жүрөгүм менин тоолордо» (1961) ж. б. А. 1944ж-дан Ереван көркөм театр ин-тунда педагог. СССР Мамл. сыйлыгын алган (1951). Ленин ордени, «Ардак Белгиси» ордени, медалдар м-н сыйланган.