АГРАРДЫК РЕФОРМАЛАР

АГРАРДЫК РЕФОРМАЛАР — жер ээлөө ж-а пайдалануу системасынын өзгөртүлүшү. А. р. Бат. Европанын бир катар өлкөлөрүндө бурж. рев-я убагында (17-19-к.) ишке ашырылып, эзүүчү таптын пайдасына чечилген [мис, Пруссиядагы реформа (1807-11); Россиядагы дыйкандар реформасы (1861) ж-а столыпиндик А. р. (1906-16)]. 1917-ж. 26-октябрда (8-нояб.) Советтердин Бүткүл росс. 2-съезди кабыл алган жер тууралуу декретте помещиктик жер менчиги жоюлуп, жер жалпы элдик менчикке айланды. Кыргызстандагы жер-суу реформасы 1921-ж. башталып, 1928-ж. аяктады. Европанын соц. өлкөлөрүндө А. р. 1944-48-ж-да жүргүзүлүп, жумушчу табынын жетекчилиги м-н жердин бир бөлүгү мамлекеттештирилди, помещиктердин жерлери ж. б. өндүрүш куралдары, каражаттары конфискацияланып, эмгекчи дыйкандардын энчисине өттү. Колониялык эзүүдөн кутулган өлкөлөрдө да А. р. ишке ашырылууда.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *