АГРАРДЫК КРИЗИС

АГРАРДЫК КРИЗИС -ашык өңдүрүүдөн айыл чарбада болуучу кризис. Капитализм тушунда кризис чарбанын бардык тармагына жайылат. А. к. өнөр жайында ж-а чарбанын башка тармактарында болуучу кризистер м-н тыгыз байланыштуу. Айыл чарбасы ө. ж. үчүн сырьёлук база болгондуктан, ө. ж. кризиси А. к-тин чыгышына зор таасир тийгизет. А. к. учурунда өтпөгөн а. ч. продукциясы көбөйүп, ал жок кылынат. Натыйжада а. ч-дагы көп сандаган майда жеке менчик ээлери жумшаган каражаттарын кайтарып ала албай, жакырланууга дуушар болот. А. к. өз кезегинде ө. ж-нын өнүгүшүнө тескери таасир көрсөтөт. Анткени А. к. убагында а. ч. машиналарын, минералдуу жер семирткичтерди керектөө азаят. Бул болсо мындай товарларды чыгаруучу ө. ж. тармактарынын өнүгүшүнүн басаңдашына алып келет. А. к. башка кризистерден аздыр-көптүр айырмаланат. Айырмасы — узакка созулат. Мис, капит. өлкөлөрдө биринчи А. к. 19-к-дын 70-жылдарында башталып, 90-жылдардын экинчи жарымына дейре созулган. Андан кийинки А. к. 1920-ж. башталып, экинчи дүйнөлүк согушка чейин уланган. А. ктин дагы бир бөтөнчөлүгү: ал узак мөөнөттөн кийин кайталанышы мүмкүн. Бул өзгөчөлүктөр түрдүү капит. монополиялардын өкүм сүрүшү м-н түшүндүрүлөт. Мындай монополиялар а. ч-да жаңы капиталисттердин пайда болушуна чоң тоскоол кылат. Капит. а. ч-нын дагы бир өзгөчөлүгү — анын ө. ж-дан артта калышы. Капитализм коомунда а. ч-да ири чарба м-н катар азыркы техниканы пайдалана албаган көп майда фермерлер, жеке менчик ээлери да кездешет. Алар А. к. убагында зыян тартканына карабастан а. ч. продукциясын чыгарууну көбөйтүүгө умтулат. Бирок алар продукциясы өтпөй, жакырлана баштайт да, А. к. өөрчүй берет. А. к-тин негизги себептери капитализмдин антагонисттик карама-каршылыктары м-н аныкталат. Ошондуктан кризис капитализм коому м-н кошо жок болот.